Өзбекстанда мугалим, дарыгерлерди өнүп кеткен жашылча сатып алууга мажбурлашууда
Кашкадарыя облусунда бийлик дарыгерлерге кеминде 20 килограммдан өнүп кеткен пияз жана картошка сатып алууга мажбурлоодо. Медицина кызматкерлери маалымдагандай, алар эгер талап аткарылбаса, жумуштан бошотобуз деп коркутушууда.
"Адатта ар бейшембиде айылда иштеген дарыгер жана медайымдардын катышуусунда жыйын өтөт. Акыркы жолу медициналык бирикменин башкы дарыгери бизге өзгөчө көрсөтмө берди. Анын айтымында, облустан бизге бир нече тонна картошка жана пияз жөнөтүлүптүр. Эми облус жана район бийлиги бул жашылчалардан 20 килограммдан кем эмес сатып алууну талап кылууда. Жетекчилик баш тарткан кызматкерлер жумуштан кетүү тууралуу арыз жаза берсе боло турганын айтты", – деди атын атагысы келбеген дарыгерлердин бири.
Анын билдиришинче, Китаб районундагы медицина кызматкерлери бакчаларында жашылча-жемиш өстүрүшөт, андыктан өнүп кеткен картошка, пияздарды сатып алууну каалашпайт.
Райондогу мугалимдердин бири буга чейин аларга дагы өнүп кеткен жашылча сатылганын маалымдады. “Облус жетекчисинин жакын адамы кышка карата көп өлчөмдө картошка, пияз камдаган. Бирок аны убагында сата алган эмес. Эми аларды чиновниктердин жардамы менен мугалим жана дарыгерлерге сатууда. Быйыл базарда пияз көп. Бир килосу 500-800 сум. Бизди болсо 1800 сумдан (0,3 АКШ долларынын тегереги) сатып алууга мажбурлашкан. Картошка 3000 сум, бизге 3800 сумдан сатышты”, – деди ал.
Китаб райондук медицина бирикмесинин башкы дарыгери Хаким Саидов бул маалыматты четке каккан жок. Бирок Кашкадарыя облусунун саламаттык сактоо башкармалыгы кызматкерлерге мажбурлоо жолу менен пияз, картошка сатылып жатканын төгүндөдү.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









