
“Караван - Анашев” аба чубалгысы курулуп жатат (ФОТО)

“Жалалабатэлектро”ачык акционердик коому Өзбекстандын аймагында жайгашып калган 35 кВ “Караван - Анашев” аба чубалгысын Кыргызстандын аймагына куруп жатат. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
Союз маалында 35 кВ “Караван-Анашев” аба чубалгысынын 3 чакырымдан ашык бөлүгү Өзбекстан Республикасынын Наманган областына караштуу Хадиреша айылында курулуп калган. Аталган аба чубалгыны Кыргызстан Республикасынын аймагына алып өтүү үчүн “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коому тендер жарыялаган. Тендерге катышкан компаниялардын арасынан “Бишкекэлектро” жоопкерчилиги чектелген жабык акционердик коому утуп алган.
Учурда Аксы районуна караштуу Кош-Дөбө айылында иш жүргүзүп жатышат. Жалпысынан 16 даана анкердик темир мамычалар, 26 даана СК-22 үлгүсүндөгү электр мамычалар коюлуп, 5 чакырым аба чубалгысы тартылат. Бүгүнкү күндө жумуштун 40 пайызы бүтүп калды, куруучулардын айтымында бир ай аралыгында толук бүтүрүлүп ишке берилет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады
2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...
Аймак 2016-04-27 09:56
Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....
Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...
Аймак 2016-05-06 17:07
Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү
Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде 23-майда аталган мектепке көмөкчү...
Аймак 2016-05-23 20:40
КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду
КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...
Аймак 2016-05-30 13:59
Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...
Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...
Аймак 2016-06-13 15:51
Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...
Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү Жалал-Абад облусунун...
Аймак 2016-06-13 16:09
Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...
"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...
Аймак 2016-06-14 14:41