Райан: Трамптын Орусияга карата саясаты Обаманыкына караганда алда канча катаал
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Рол Райан президент Трамптын орусиялык 60 дипломатты өлкөдөн чыгарып, Сиэтлдеги Орусиянын консулдук өкүлчүлүгүн жабуу чечимин колдойт.
Саясатчы мындай кадамды Орусиянын жасаганына “жараша” жооп деп, Британияга тилектештигин билдирди.
Райан дүйшөмбүдө "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Прагадагы кеңсесине келип, “Настоящее время” телеканалына берген интервьюсуна караганда, Орусияга каршы санкцияларды, анын ичинде Владимир Путиндин жакын чөйрөсүнө кирген “олигархтарга” финансылык санкцияларды киргизүүнү колдойт.
Ошол эле маалда орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын санкциялар Орусия калкына эмес, Путиндин чөйрөсүнө багытталышы керек деген оюн туура көрөт.
Ал ошондой эле Чехиядагы сапары маалында чех бийлик өкүлдөрү менен орусиялык хакер Евгений Никулинди Прагадан АКШга экстрадициялоону сүйлөшкөнүн билдирди. Москва өз жаранын Орусияга экстрадициялоо аракетин көрүп жатат.
Республикачыл Райан Трамптын администрациясынын Орусияга карата тышкы саясатын Барак Обаманын тушуна салыштырганда катаал деп баалады. Саясатчынын айтымында, Орусия АКШнын жана башка өлкөлөрдөгү демократиялык процесстерге аралашпоосун түшүнүүсү керек.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









