KELECHEK
rek

Жалал-Абадда өткөн жыйында ЖК депутаты Дастан Бекешов сунуштаган мыйзам долбооруна каршы чыгышты (ФОТО)

Жалал-Абадда өткөн жыйында ЖК депутаты Дастан Бекешов сунуштаган мыйзам долбооруна каршы чыгышты (ФОТО)

Жалал-Абад шаарында өткөн тегерек столдун катышуучулары Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов тарабынан сунушталган “Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбооруна каршы чыгышты.

Аталган тегерек столго Жалал-Абад шаарындагы жогорку жана орто окуу жайлардын окутуучулары, студенттери жана жарандык өкүлдөр катышты. ЖК депутаты Бекешов тарабынан сунушталып жаткан мыйзам долбоору “жарандардын материалдык эмес жыргалчылыктарын коргоо, абийир, ар-намыс, ишкер, кадыр-барк жана жакшы атын коргоонун укуктук механизмдерин жакшыртуу тармагындагы жарандык мыйзамды жакшыртуу” максаттарында иштелип чыккандыгын белгилеген.

“Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” коомдук бирикмесинин  президенти Азамат Адиловдун берген маалыматына караганда, аталган мыйзам долбоорунда моралдык компенсациянын минималдуу суммасы 20 миң сом өлчөмүндө белгилөө, жарандын Интернетте жана ЖМКдагы абийирин, кадыр-баркын жана ишкер кадыр-баркын булгаган маалыматтарды төгүндөө формалары коомчулук арасында көп талаш-тартышты жаратып жатат. Тегерек столдун катышуучулары да адамдын кадыр-баркын кетирген үчүн моралдык компенсацияны 20 миң сом деп көрсөтүү туура эмес экендигин талкуулоо учурунда айтышты.

Ошондой эле, радио жана телекөрсөтүүгө жокко чыгаруу тексти менен жарыя “соттук чечим күчүнө киргенден тарта 24 сааттын ичинде ар бир сааттын башында... же же сот тарабынан белгиленген башка мөөнөттүн ичинде жарыяланууга тийиш” экендигин белгилөө да туура эмес экендигин белгилешти. Айрыкча жаштар бул сунушталып жаткан мыйзам долбоору адамдын эркин ой-жүгүртүүсүнө жана карама-каршы келип, жаштарды кысымга алууга алып келиши мүмкүндүгүн эскертишти.

Жыйынтыгында, тегерек столдун катышуучулары Жогорку кеңештин төрагасы Д.А.Бекешовго, парламенттик комитеттердин төрагаларына, фракция лидерлерине кайрылуу жолдошуп, ЖК депутаты Дастан Бекешов тарабынан сунушталган “Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун четке кагууга чакырышты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13