KELECHEK
rek

Момбеков: Кытай компартиясы КСДПга 1 млн. сом бөлдү

Момбеков: Кытай компартиясы КСДПга 1 млн. сом бөлдү

Кытайдын Коммунисттик партиясы Кыргызстан социал-демократтар партиясына жардам иретинде 1 млн. сом бөлдү. Бул тууралуу аталган партиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков “Азаттык” радиосундагы “Арай көз чарай” талкуусу учурунда билдирди.

Анын айтымында, КСДПнын Орусиядагы “Единая Россия”, Казакстандагы “Нур отан”, Кытайдын Компартиясы менен да жакшы байланышы бар. Ал гранттык негизде берилген каражат партиянын ишмердүүлүгүнө, кеңселерин каржылоого, залын оңдоого жумшалышы ыктымалдыгын айтты.

- Партияга жардам иретинде 1 млн. сомдун тегерегинде гранттык каражат келген экен. Партиянын ишмердигине, кеңсесин каржылоого, Форумдагы партиянын жыйындар залын оңдоого жумшалат деген маалымат уктум. Эми кандай жардамдар келип, ал кандай жумшалып жатканы тууралуу курултайда отчет берилсе керек. Бул партиянын жетекчилери жооп бере турган суроо.

Момбеков курултайда партияга кандай жардамдар келгени тууралуу маалымат айтылышы ыктымалдыгын да кошумчалады.

Бул тууралуу КСДПнын саясий кеңешинен маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Алмаз Үсөнов бул тууралуу маалымат бере албасын айтты.

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) кезектеги жыйыны 31-мартка белгиленген.

КСДПнын отуруму бир нече жолу жылдырылган. Партия төрагасынын орун басары Фарид Ниязов мурдараак курултайда Алмазбек Атамбаев партия лидерлигине бекитилерин билдирген.

Алмазбек Атамбаев президенттик кызматтан кеткен күндө да саясатта кала берерин, партиялык ишин жандандырарын журналисттерге айткан. Экс-президент ошондой эле кийинки парламенттик шайлоодо КСДПнын партиялык тизмесин жетектеп барарын билдирген.

Төраганы бекитүүдөн башка курултайдын күн тартибине кайсы маселелер киргени расмий айтыла элек.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12