KELECHEK
rek

«Настоящее времянын» журналисти Жириновскийди сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыптады

«Настоящее времянын» журналисти Жириновскийди сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыптады

Ренат Давлетгилдеев

 «Настоящее время» телеканалынын журналисти Ренат Давлетгилдеев Орусиянын либералдык-демократиялык партиясынын лидери Владимир Жириновскийди сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыптады. Ал башка эркектерди дагы саясатчылар тарабынан жасалган мындай окуялар тууралуу ачык айтып чыгууга чакырды.

Журналисттин айтымында, Жириновский мындай ыксыз кадамга 2006-жылы, «Орусия периси» сынагынын финалы тууралуу анча чоң эмес маек маалында барган. Окуя Давлетгилдеев өзүнүн ориентациясы тууралуу ачык айта электе болгон. Ал буга чейин бул көрүнүштөн уялып, айтпай келген.

Владимир Жириновскийдин уулу, Мамлекеттик Думанын төрага орун басары Игорь Лебедев «Настоящее времяга» бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. «Мен силер менен сүйлөшүүнү каалабайм. Силердин кумса кесиптешиңерди талкууламак белек?», — деди ал.

Буга чейин бир нече журналист Либералдык-демократиялык партиянын дагы бир депутаты Леонид Слуцкийди сексуалдык ыдык көрсөтүүлөргө айыптап чыгышкан. Бирок атайын түзүлгөн Мамлекеттик Думанын комиссиясы депутаттын аракеттеринен эч кандай мыйзам бузууну тапкан эмес жана журналисттерге бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылууну сунуштаган. Мындан кийин бир нече орусиялык ММК өлкө парламентинде иштөөдөн баш тарткан. Слуцкийдин өзү ыдык көрсөтүүлөр тууралуу айыптоолорду «сандырактык» деп атаган.

«Настоящее время» телеканалы – «Эркин Европа/Азаттык» радиосу медиакорпорациясы менен «Америка үнүнүн» биргелешкен долбоору. Каналдын максаты – дүйнөдөгү орус тилдүү аудиторияны объективдүү маалыматтар менен камсыздоо.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...