KELECHEK
rek

Орусияда кулчулукта жүргөн 13 кыргызстандык аял куткарылды

Орусияда кулчулукта жүргөн 13 кыргызстандык аял куткарылды

Орусиянын Рязань шаарында тигүү цехинде кулчулукта жүргөн кыргызстандык 13 аял куткарылды.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов "Азаттыкка" билдиргендей, алар өткөн жумада табылган. Аялдар өздөрүнүн абалы тууралуу телефондон тааныштарына маалымдашып, милицияга кабар жеткен.

Кыргызстан менен Орусиянын ички иштер министрликтери чогуу жүргүзгөн иликтөөдө алар "Февраль" деп аталган ишканада кулчулукта жүргөнү аныкталган. Ал жерде жүз киши иштеп жатканы, анын 13ү кыргызстандыктар экени такталган.

- Паспортторун алып коюшкан. Сыртка чыга алышпайт. Фирманын ээси - орус жараны, ал эми негиздөөчүсү вьетнамдык экен. Тигүүчүлөрдүн көбү Вьетнамдан келиптир. Андан тышкары, Борбор Азиядан баргандар иштешкен, -деген Бакыт Сеитов жумушчулар кээде түнү менен иштегени, түшкү тамактанууга 40 мүнөт убакыт берилип, үлгүрбөй калгандарга 5000 рублдан айыппул салынганы да аныкталганын кошумчалады.

Фирма жетекчилигине кылмыш иши козголду. Жумушчуларга айлык акысын алып берүү маселеси каралып жатат.

Кулчулукка кабылгандар Кыргызстандын түрдүү аймактарынан барышкан. Алар 39 жаштагы жарандын ортомчулугу менен Бишкектен Орусияга кетишкен. Учурда ошол жакта көрсөтмө берип жатышат. Ишти Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү көзөмөлгө алган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53