KELECHEK
rek

Аялдарга ажылык сапарга жалгыз барууга уруксат берилди

Аялдарга ажылык сапарга жалгыз барууга уруксат берилди

Быйыл биринчи жолу жалгыз бой, балдары жок же жесир аялдарга эч кимдин коштоосу жок ажылык сапарга барууга уруксат берилди. Бул тууралуу муфтияттын ажылык бөлүмүнүн башчысы Жолдош Абдылдаев “Азаттык” радиосуна кабарлады.

«Апалардын суранычы менен күйөөсү жок, турмушка чыкпаган, жесир, балдары жок жана өмүрүндө биринчи жолу ажылыкка кетип жаткан жыйырмадай аялга гана уруксат берилди. Бул шартка туура келбегендерге уруксат берилген жок», — деди Абдылдаев.

Кыргызстанда соңку жылдары ажылык сапарга барууга кызыкдар аялдар көбөйүп жатат. Алардын жаш курагы 35-60тын тегерегинде. Буга чейин аялдар күйөөсүнүн, баласынын же тууганынын коштоосу менен гана ажыга барып келишкен.

Сауд Арабиясы быйыл ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 5400 квота бөлгөн. Бул былтыркыдан 640 орунга көп. Быйылкы зыярат август айына туш келет. Зыяратчылар ажылыкка июль айында жөнөй баштайт. Быйылкы ажылык сапардын баасы 2890 долларга бааланганын муфтияттан кабарлашты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53