KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков: Бишкек өзүнүн жашыл келбетин сактап калышы керек

Президент Сооронбай Жээнбеков: Бишкек өзүнүн жашыл келбетин сактап калышы керек

Кыргызстандын борбору Бишкек шаары өзүнүн жашыл келбетин сактап калышы керек, деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  24-мартта Ч.Айтматов атындагы Эмен багында ишембилик учурунда.

Мамлекет башчысы Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго кайрылып, шаарда бак-дарактардын кыйылып жатышынын себептерин – жолдорду кеңейтүү үчүнбү, же объекттерди куруу максатындабы - ушуну шаар тургундарына алдын-ала түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

“Ар кандай сөздөр чыгышына жол бербөө үчүн элге туура маалымат жеткирип тургула. Борбор калааны жашылдандыруу боюнча пландуу жумушту улантуу зарыл. Бишкек өзүнүн жашыл келбетин сактап калышы керек”, - деди Президент Сооронбай Жээнбеков.

Шаар мэри Албек Ибраимов бак-дарактарды кыюу аргасыз чаралар экенин айтып, бирок ар бир кыйылган бактын ордуна өткөн жылы 7ден көчөт, быйылкы жылы 15тен көчөт отургузулганын билдирди.

«Жалпысынан өткөн жылы 7 миң, бул жылы 15 миң көчөт отургузулду. Бардыгы болуп балансыбызда 248 миң бак-дарактар бар, алар каттоодон өткөрүлүп, ар биринин паспорту бар», - деп маалымдады мэр Албек Ибраимов.

Эскерте кетсек, Сооронбай Жээнбеков 24-мартта Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын кызматкерлери менен бирге Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы Эмен багына ишембиликке чыккан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13