Тажикстан Өзбекстан менен визасыз режим киргизүү тууралуу макулдашууну ратификациялады
Тажик-өзбек чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү бекети
19-мартта Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы «Жарандардын өз ара кирип-чыгуусу тууралуу» макулдашууну ратификациялады. Ага ылайык, Тажикстан менен Өзбекстандын жарандары бири-биринин аймагында визасыз 30 күнгө чейин жүрүү укугуна ээ болушат.
Тажикстан ТИМ башчысынын биринчи орун басары Низомиддин Зохидинин айтымында, бул документтин күчүнө кириши менен 2000-жылы 16-майда кабыл алынган мамлекет аралык макулдашуу күчүн жоготот.
Парламенттин төмөнкү палатасынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жаңы документ жарандардын коңшу өлкөнүн аймагында убактылуу жүрүшүн, визасыз кирип-чыгуусун жана кызматтык иш сапарларды уюштуруу маселесин жөнгө салат.
«Андан тышкары эл аралык автоунаа кыймылына катышкан айдоочулар үчүн бир жылдык мөөнөт менен визалар берилет», - деп билдиришти басма сөз кызматтан.
«Жарандардын өз ара кирип-чыгуусу тууралуу» макулдашууга Тажикстан менен Өзбекстандын президенттери 9-мартта, Шавкат Мирзиёевдин Душанбедеги мамлекеттик сапары маалында кол коюшкан.
Азырынча бул документти Өзбекстандын парламенти ратификациялай элек. Бирок өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев өз токтому менен 16-марттан тарта Тажикстандын жарандары үчүн Өзбекстанга визасыз кирүү укугун берген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









