Алматы бийлиги автордук укук бузгандыгы үчүн сүрөтчүгө 680 700 теңге төлөп берет
Алматы соту бийлик менен фотосүрөтчүнүн талашы боюнча иште «автордук укуктун бузулгандыгы үчүн» акимчиликти жооптуу деп тапты. Бул үчүн судья Аида Абилмажинова мекемени фотосүрөтчү Сарсенбек Кызайбекулына компенсация катары 680 700 теңге төлөп берүүгө милдеттендирди.
Кызайбекулы мамлекеттик «Руханий жаңыруу» программасынын үгүт өнөктүгүндө анын сүрөтү уруксатсыз пайдаланылгандыгы үчүн өлкөнүн Маданият жана спорт министрлиги менен Алматы акимчилигин сотко берген.
Анын адвокаты Бауыржан Айдарбеков соттун чечимине канааттанбаганын билдирип, ал боюнча даттана турганын айтты.
— Автордук укуктун бузулушуна ички саясат башкармалыгы гана эмес, Маданият жана спорт министрлигинин дагы тиешеси бар. Бирок соттун чечиминде министрлик жоопкер катары көрсөтүлгөн эмес. Автордук укуктун бузулгандыгы үчүн көрсөтүлгөн 300 айлык эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү компенсация (680 700 теңге) аз, — деди Бауыржан Айдарбеков.
Кызайбекулы доо арызында жоопкер катары министрлик менен акимчиликти көрсөтүп, алардын компенсация катары бир жарым миллион теңге төлөп беришин талап кылган. Айтымында, анын 2014-жылы тартылган белгилүү эмгеги августтан бери автордун макулдугусуз «Руханий жаңыруу» программасынын үгүт материалы катары бир катар аймактарда пайдаланылган. Сотто жоопкерлер ал сүрөт ачык булактардан алынганын билдиришти.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









