Өзбекстан менен Кыргызстан төрт автобус каттамын ачат
Өзбекстан менен Кыргызстан мамлекет аралык төрт автобус каттамын ачуу маселесин карап жатат. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары жазышты.
Өзбекстандын Автоунаа транспорту агенттигинин жетекчи орун басары Шаалим Шавахабовдун билдиришинче, бул маселе боюнча эки өлкөнүн тиешелүү органдарынын ортосундагы сүйлөшүүлөр аяктап калды.
«Биз жакынкы айларда Ташкент — Балыкчы, Фергана — Ош жана «Анжиян — Ош» багыттары боюнча автобус каттамдарын ачууну пландап жатабыз. Андан тышкары Ташкент — Ысык-Көл багыты боюнча сезондук каттам ачуу мүмкүндүгү дагы каралууда», – деди ал.
Кыргыз-өзбек алакасы өткөн жылдан тарта жакшыра баштаган. 2017-жылы мамлекет башчылар бир канча жолу жолугуп, экономикалык кызматташтыкты жандандыруу тууралуу макулдашууларга кол коюшкан.
Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү бекеттеринен суткасына 12 миңге жакын киши өтүп жатат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13