Казакстанда жоолугун чечпеген кыздар кийинки класска көчпөй калышы мүмкүн
Актөбө облустук билим берүү башкармалыгы жоолук салынганына байланыштуу сабакка киргизилбеген мектеп окуучулары кийинки класска көчпөй калышы мүмкүн экенин эскертти. Мекеме бул маселени билим берүү министрлиги менен кеңешүүдө.
Актөбө облустук билим берүү башкармалыгынын маалымат катчысы Лаззат Оразбаеванын айтымында, аймакта "мектеп формасын сактабаган" 72 окуучу сабакка киргизилген жок.
—2018-жылдын январь айындагы маалыматтар боюнча облуста 340 окуучу сабакка жоолукчан келип турган. Учурда алардын 268и мектеп талабына көндү. Жоолугун чечкиси келбеген 32 окуучу кыз жер которуп, Алматы жана Шымкент шаарына окууга кетти, — деди Лаззат Оразбаева.
Актөбө облустук дин иштери башкармалыгынын жетекчиси Жолдас Калмагамбетов мектеп формасын сактабаган 72 окуучунун 16сы гана балагатка толгонун баса белгиледи.
Окуу жылынын башында ондогон ата-эне жоолукчан кыздарынын мектепке киргизилбегени боюнча сотко даттанган. Бирок Астана жана Актөбө шаарында сот мектеп жетекчилигин колдоп, алардын арызын канааттандырган эмес.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти
Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05 23:34
Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...
Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02 12:13
Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт
Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04 16:32
Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07 15:23
Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты
Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:16
Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды
Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:26
Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...
Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ар бир кесип ардактуу”...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13 09:30