KELECHEK
rek

"Электр станциялары": ЖЭБдеги бир видеокамеранын баасы 300 доллар

Мындай маалыматты "Электр станциялары" ишканасы таратып, жалпысынан Бишкек Жылуулук электр борборуна видеокамераларды орнотууга 1 млн. 738 503 доллар сарпталганын билдирди. Ишкананын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиеванын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, анын ичинде жабдуулар үчүн 1 млн. 94 миң 951 доллар коротулган:

- ТВЕА компаниясы көрсөткөн баалар боюнча, 128 видеокамеранын жалпы баасы 38,4 миң доллар. Ар бир видеокамеранын баасы 300 доллар. Жылуулук электр борборуна видео көзөмөл орнотуш үчүн жумшалган каражаттын калган бөлүгү программаларга, кабелдик зымдарга, серверлерге жана аларды монтаждоо иштерине сарпталган. Мындан тышкары, от казандын ичине эки атайын видео камераны орнотуу үчүн да акча коротулган.

Маалымат катчы билдиргендей, келишим боюнча ТВЕА баалардын толук тизмесин берүүгө милдеттүү эмес, бул маалыматтар экинчи тараптын талабы менен чечмеленген.

Бишкек ЖЭБинин мурунку жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу айрым маалымат каражаттарына Жылуулук электр борборун жаңылоодо алынган айрым аспаптар да өз баасынан бир нече эсе кымбатка сатылып алынганын, бир эле аттиштин баасы 600 доллар деп көрсөтүлгөнүн айтып чыкты. "Электр станциялары" ишканасы Өмүркул уулунун бул маалыматын тактап жатканын билдирүүдө.

Социалдык түйүндөрдө Бишкек ЖЭБине 128 видеокамера орнотуш үчүн 1,8 млн. доллар сарпталганы тууралуу маалымат кызуу талкууланып, нааразылык туудурган эле.

Быйыл 26-январда Бишкек Жылуулук электр борборундагы суу бөлүштүрүүчү жабдуу иштен чыгып, катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилген жок. Бул кырдаал жарым жыл мурда модернизацияланган жылуулук борборуна карата сын пикирлерди күчөтүп, Кытай берген ири суммадагы каражаттын максаттуу сарпталганы жөнүндө суроо жараткан.

Жылуулук электр борборун жаңылоодо жана кытайлык TBEA компаниясы менен келишим түзүүдө кемчиликтер орун алганын Эсеп палатасы жана депутаттык комиссия аныктаган. ЖЭБди жаңылоого берилген 386 млн. доллар Кытайдын Кыргызстанга берген карызы болуп эсептелет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38