Ошто «Йакын инкар» агымынын 9 мүчөсү соттолду
Аларды Ош шаардык соту "Йакын инкар" диний-экстремисттик агымынын идеологиясын таратканы үчүн айыптап, 1-март күнү үч жана төрт жылга күчөтүлгөн режимдеги абакка кести. Бул тууралуу Ош облустук ИИБнин басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев 12-мартта "Азаттыкка" билдирди.
Бул жарандар 2017-жылдын 15-июнь күнү Кара-Суу районунда кармалган. Ушул тапта дагы 7 жаран "Йакын инкар" агымынын мүчөсү катары кармалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Алардын алтоо Араван, бирөө Өзгөн районунан кармалган.
Өткөн айда эле Ош облусунун Кара-Суу райондук соту "Йакын инкар" диний уюмунун идеяларын жайылтып жүргөн 24 кишини эки жылга шарттуу кескен.
Бишкектин Октябрь райондук соту былтыр 15-июнда Кыргызстанда "Йакын инкар" агымынын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Ага чейин бул агымдын мүчөлөрүнө даават кылууга муфтият да тыюу салган эле.
"Йакын инкар" диний тобу Кыргызстанда дааватчылык уюму катары таанылган "Таблиги жамааттан” бөлүнүп чыккан деп эсептелет. Анын мүчөлөрү "балдар-кыздарды мектепте бөлүп окутуу зарыл, телефон, телевизорлорду колдонбош керек" деген сыяктуу кескин эрежелерди карманып келишкени менен белгилүү.
Өздөрүн "пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз" деген “Йакын инкар” жамаатынын мүчөлөрү алгач Ысык-Көл, Чүй облустарында, кийин Нарында пайда болгон. Соңку учурда бул топтун өкүлдөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарын кыдыра баштаган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









