KELECHEK
rek

Казакстанда камактан качууга аракет жасаган бизнесмен көрсөтмө берүүдө

Казакстанда камактан качууга аракет жасаган бизнесмен көрсөтмө берүүдө

Казакстан улуттук коопсуздук комитети расмий сайтына жана YouTube-каналына камактан качуу аракетинен кийин кармалган бизнесмен Муратхан Токмадинин көрсөтмөсүнөн үзүндү жарыялады. 48 секунддук видеодо киши өлтүрүүгө айыпталган Токмади эч кандай даттануусу жок экенин билдирген.

«Аблязовдун көрсөтмөсү менен 2004-жылы Ержан Татишевди өлтүрүү боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылгам. Сотто күнөөмдү моюнума алгам. 8-мартта өкүм чыгарын күтүп жатып, качууга аракет жасадым. Бирок укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалдым. Күнөөмдү моюнума алам, туура эмес иш жасадым деп эсептейм», - дейт Токмади.

Сот жараяны учурунда ден соолугуна байланыштуу убактылуу Тараздагы облустук ооруканага жаткырылган бизнесмен 8-мартта ал жерден качып кетип, эртеси кармалган.

Токмади былтыр июлда камалган. “Казстройстекло” заводунун ээси бизнес-өнөктөшүнүн акчасын тартып алуу, мыйзамсыз курал сактоо боюнча күнөөлүү деп табылып, күзүндө үч жылга эркинен ажыратылган.

Кийинчерээк ага банкир Ержан Татишевди өлтүрүү боюнча айып тагылган. Камактагы Токмади республикалык телеканал аркылуу билдирүү жасап, 2004-жылы аң уулоо учурунда Татишевге кокустан ок жаңылбаганын, Аблязовдун көрсөтмөсү менен атайлап өлтүрүлгөнүн мойнуна алган. Аблязов бул билдирүүлөрдү четке каккан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...