Тажикстан менен Өзбекстан 30 күн визасыз катташуу боюнча макулдашты
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон эки өлкөнүн жарандары үчүн 30 күн визасыз жүрүүгө уруксат берген макулдашууга жетишти. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин маалымат катчысы кабарлады.
Эки мамлекет башчынын жолугушуусунда жалпы 27 документке кол коюлганы, алардын ичинде чек аралардагы өткөрмө пункттарды жандандыруу жана Ташкент менен Дүйшөмбү шаарларынын каттамдарын ачуу келишимдери да бар.
Президенттердин сүйлөшүүсү учурунда өткөн жылы эки кошуна мамлекет 240 млн долларлык соода кылганы, бул сумманы келерки жылы эки эсе көтөрүү пландары бары айтылды.
Өзбекстандын башчысы аймактык кызматташтык жөнүндө да сөз кылып, анда Ташкент Тажикстандын Рогун ГЭСин курууга да катышып калуусу мүмкүн экенин билдирди. Ал эми тажик президенти тажик-өзбек мамлекеттери ортосунда “тарыхый келишимдер” жетишилгенин айтты.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Тажикстанга эки күндүк иш-сапар менен 9-мартта барды. Өзбек лидери Дүйшөмбүгө акыркы ирет 18 жыл мурда барган. Бирок эки тарап эң жогорку деңгээлдеги - мамлекеттик сапар биринчи ирет болуп жатканы расмий белгиленди.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









