ӨКМдин кызматкерлери айлыгын көтөрүүнү талап кылып чыгышты
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн элүүдөн ашуун кызматкери маяналарын көтөрүүнү талап кылып чыгышты. Бул тууралуу борбор калаадагы өрткө каршы күрөш бөлүмүнүн атын атабаган кызматкерлери кабарлашты.
Министрликтин башкы мекемесине бүгүн чогулгандар иш түйшүктүү экенине карабай, маяна жетишсиз экенине даттанышкан. Алар ошондой эле зыяндуулук үчүн жана сыр сактоо үчүн кошумча берилчү акыларга да ээ болбой жатканына нааразы болуп, ал суммаларды өз убагында берүүнү талап кылышкан. Кээ бирлери пенсиясы боюнча кыйынчылыктарын ортого салышкан.
Бул тууралуу кабарды ӨКМдин басма сөз катчысы Элмира Шерипова да "Азаттыкка" ырастап, кызматкерлер митингге чыкпаганын, жөн гана жетекчиликтен маалымат алганы келишкенин билдирди. Анын айтымында, аларды өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов өзү кабыл алып, маселелерин чогуу талкуулады. Алар талап кылган жагдайлардын мыйзамга шайкеш келген жагдайлары кызматкерлерге түшүндүрүлүп, жөндүү талаптары иликтөө тапшырылды.
Министрликтен алынган маалыматка караганда, ӨКМдин кызматкерлери ээлеген кызматына жараша 8 миң сомдон жогору маяна алышат. Ага ар кайсы жүйөлөр менен дагы сумма кошулуп берилет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









