
Кыздар волейбол командасы алтын медалдын ээси болду

Жалал-Абад шаарынын кире бериш дарбазасынан (аркада) Жалал-Абад облусунун спортчулары 2016-жылдын май айында Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда “Тарых жана маданият” жылына карата мелдеште утуп алган спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты.
Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, тосуп алуу иш-чарасына спорт өкүлдөрү, студенттер, жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышты. Облус атынан барып алдыңкы орундарды камсыз кылган жеңүүчү болгон команда спорттун олимпиадага кирбеген түрлөрүнөн өткөрүлгөн биринчи спартакиадасында байгелүү орундарды багындырышкан жана ошондой эле Ысык-Көл облусунда өткөрүлгөн “Дени сак улут” аталышта өткөн мелдешке катышты.
Облустар аралык болуп өткөн спартакиадага спорттун волейбол түрү боюнча жалпы 7 команда катышкан. Мында Жалал-Абад облусунан барган команда алтын медалдын ээси болуп 1-орунда багындырган. Алар алдынкы орунду багындырууда кыйынчылык жаралбаганын айтат. Анткени, буга чейинки мелдештерде да бир топ жеңүүчү аталышкан.
Алдынкы күндөрдө да ушул деминен тайбай, республикалык сынактарды багындырууну максат кылып келишет, - деп билдирет «Динамо» спорт клубунун воллейбол кыздар командасынын башкы оюнчусу Жамиля Ибраимова
“Тарых жана Маданият” жылынын алкагында уюшулган иш-чарага облустан жеңил атлетика жана волейбол түрү менен машыккан спортчулар барышкан. “Машыктыруучулар мындан ары да жергиликтүү бийлик спортчуларга колдоо көрсөтөрүнө ишенет”, - дейт машыктыруучу Сайфидин Патинов.
Спортчулардын башка жерге барып күч сынашуусунда каржы маселе көйгөй жаратпай койбойт. Бул жаатта аталган спортчуларды Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы жана облустук спорт коммитети каржылоого көмөк көрсөткөн.
“Биздин башкармалык менен бирге Жалал-Абад ОИИБ да биргеликте чогуу спорттун өнүгүшүнө чоң салымдарын кошуп келүүдө”, - дейт облустук жаштардын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башкы адиси Албина Акматбекова.
- Өткөн 2015-жыл Жалал-Абад облусунун спортчулары үчүн жемиштүү жылдардан болгон. Анткени, спорт багытында Жалал-Абад облусу эң алдынкы командалар аталышканын жана спортчуларды, жаштарды колдоо аларды кылмыштуулуктан арылтуу менен бирге коомго өздөрүнүн маңыздуу жакшы салымдарын кошушат, - дейт Жалал-Абад ОИИБнын орун басары Ибрагим Шатманалиев.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...
Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...
СПОРТ 2016-05-02 23:16
"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты
“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...
СПОРТ 2016-05-04 16:08
Казак спортчуларынын канынан допинг табылды
Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...
СПОРТ 2016-05-05 10:08
Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат
Жалал-Абад шаарындагы “Динамо” спорт ордосунда Кыргызстандын футзал боюнча Өлкө...
СПОРТ 2016-05-05 11:51
Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...
Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...
СПОРТ 2016-05-07 18:20
Жалал-Абадда студенттер арасында «Мыктыгер» спорттук мелдеши болуп...
Улуу Ата-Мекендик согуштун Жеңишинин 71 жылдык маарекесине карата үстүбүздөгү жылдын 7-май күнү Жалал-Абад...
СПОРТ 2016-05-09 01:23
Оштун спортчулары Азиянын чемпионатында байгелүү орундарды...
Үстүбүздөгү жылдын 1-майынан 9-майына чейин Казакстандын Палдовар шаарында өткөн бокс боюнча Азия...
СПОРТ 2016-05-14 09:30