KELECHEK
rek

Жалал-Абадда Аялдардын майрамы салтанат менен белгиленди (ФОТО)

Жалал-Абадда Аялдардын майрамы салтанат менен белгиленди (ФОТО)

Бүгүн, 6-март күнү Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында облустун район-шаарларынан келген 500гө жакын аялдардын катышуусунда 8-март – Аялдардын эл аралык майрамы салтанат менен белгиленди.

Алгач майрамдык салтанатта ар түркүн кесиптин ээлери болгон аялдардын бейнесине арналган “Аялдар бактысы” аталыштагы тасма көрсөтүлдү. Андан кийин, майрамга катышууга келген эмгектин алдыңкыларына, ардагер апаларга, кыз-келиндерге арналып Жалал-Абад облустук Т.Тыныбеков атындагы филармониянын оркестринин коштоосунда жагымдуу музыкалык чыгармалар тартууланды.

КР өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысалы Ызабеков аялдарды келе жаткан 8-Март майрамы менен куттуктап сөз сүйлөдү.

- Урматтуу, апалар, эжелер, карындаштар! Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди 8-март – Аялдардын эл аралык майрамы менен чын дилимден куттуктаймын! Жергебизге жаздын келиши сиздердин майрам менен башталат. Жаз мезгили да аялзатынын мээриимине окшош. Жаздын келиши менен жер эне жибип, жаратылышка жан кирет. 

Урматтуу айымдар, аялдар, апалар, эже-карындаштар! Аялзаты үй-бүлөдө гана эмес, өлкөдө да стабилдүүлүктү, ынтымакты жана мамлекеттин гүлдөп өсүүсүн камсыздай ала турган кубаттуу күч! Аялзаты коомдогу бардык күчтөрдү ынтымакка келтирип, келечек үчүн, өлкө үчүн бириктире алат. Муну тарыхта Каныкей энебиз жана Курманжан Датка апабыз далилдеген. Аялзаты дегенде биз, биринчи кезекте бизге өмүр тартуулап, бапестеп, чоңойткон мээримдүү апаларыбызды эстейбиз. Аялзаты баарынан мурда – эне, ал эми биз ар бирибиз энелердин ыйык ак сүтүн өмүр боюу актоого милдеттүүбүз.

Ал эми эненин өзү тургай, анын баскан изи да ыйык. Анткени, Мухаммед пайгамбарыбыздын хадистеринде айтылгандай, бейиш - энелердин таман алдында. Балдарды бөпөлөп өстүргөн энелерге, үй-бүлөнүн очогун өчүрбөй сактаган жаны тынбай эмгектенген энелерге канча таазим кылсак дагы аздык кылат. Карт тарыхта далай согуштар азабын тартса да, улут тукумун улап, жарыкчылыкка балдарды төрөп, чоңойткон апаларыбызга өзгөчө урмат, - деди өкүлдүн орун басары Ы.Ызабеков.

Облустун бардык тармактарында аялдардын кошкон салымы зор. Анын ичинен саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагында аялдар басымдуулук кылат. КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан облустун район-шаарларында эмгектенген 32 алдыңкы аялдарга ардак грамоталар тапшырылды.

Ошондой эле, бул салтанатта Жалал-Абад шаардык кеңешнинин төрагасы Мураталы Тагаев менен шаардын вице-мэри Руслан Алтымышев аялдарды жаз майрамдары менен куттукташып, шаардын мекеме-ишканаларында иштеген эмгектин алдыңкы аялдарына ардак грамоталарды тапшырышты. Жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом бөлүнүп, 200 аялга 500 сомдон акчалай сыйлыктар берилди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13