Казак бийлиги жүздөгөн үй-бүлөнүн алкогол ичүүсүнө тыюу салды
Казак бийлиги сот аркылуу «ыркы келишпеген» жүздөгөн үй-бүлөнүн мүчөлөрүнө спирт ичимдигин ичүүгө тыюу салды. Бул тууралуу өлкө ИИМинин өкүлү Алексей Милюк билдирди.
Казакстан бийлиги жарандарга мындай тыюу салуу укугуна 2017-жылдын соңунда, Административдик укук бузуулар тууралуу кодекске өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин ээ болгон. Анда эгер кандайдыр бир мыйзам бузууга алкогол себеп болгон болсо, анда сот ИИМдин өтүнүчү менен ал адамдын спирт ичимдигин ичүүсүнө тыюу сала ала тургандыгы жазылган.
Тыюу салуу мөөнөтү 3 айдан 1 жылга чейин болушу мүмкүн. Бул чектөөнү бузган адамдарга карата 15 суткага чейин камакка алуу жазасы каралган.
Милюктун айтымында, учурда ИИМдин каттоосунда 10 миңге жакын «ыркы келишпеген үй-бүлө» бар. Алардын бардыгы тең бул жаңы мыйзамдын негизинде жазага тартылышы мүмкүн. 2017-жылы 350 адамдын спирт ичимдигин ичүүсүнө тыюу салынса, быйыл жыл башынан бери андай жазага тартылгандардын саны 855ке жетти.
Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2017-жылы орточо эсеп менен өлкөнүн ар бир жашоочусу 11-12 литрден спирт ичимдигин ичкен. Бул коңшу мамлекеттердеги көрсөткүчтөргө салыштырганда кыйла көп. Ошол эле маалда өлкө калкынын 18% алкоголго көз каранды: алар жумасына эки жолудан көп ичимдик ичишет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









