Вашингтондо Boris Nemzov Plaza дареги пайда болду
Борис Немцов
Борис Немцовдун атып өлтүрүлгөндүгүнүн үч жылдыгын утурлай, Вашингтондо орус оппозиционеринин атындагы адрес пайда болду.
Орус элчилигинин алдындагы Висконсин-авеню аянтына анын ысымын берүүнү 2016-жылы флоридалык сенатор Марко Рубио сунуштаган. Демилгени январда Вашингтон шаардык кеңеши жактырган.
Аянтка ысым ыйгаруу салтанатына маркум саясатчынын кызы Жанна Немцова, анын үзөнгүлөштөрү, "Ачык Орусия" кыймылынын башчысынын орун басары Владимир Кара-Мурза, сенатор Марко Рубио, Хельсинки комиссиясынын теңтөрагасы Роджер Уикер баштаган кишилер катышты.
"Америка Үнү" кабарлагандай, Орусиянын расмий өкүлдөрү АКШдагы орус элчилигинин имаратынын жанында жаңы адрестин пайда болушун туталануу менен кабыл алышты.
Мамлекеттик думанын эл аралык иштер комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий январда Американын бул демилгесин орус бийлигине өчөшүп жасалган орой иш деп атаган.
27-февралда Москвада адамдар Борис Немцов атып өлтүрүлгөн көпүрөгө күн бою гүл алып келип жатышты. Орусиянын бир нече шаарларында саясатчыны эскерген акциялар өттү.
Борис Немцовдун өлтүрүлүшүнүн үч жылдыгына карата АКШ орус бийлигин аны өлтүргөндөрдү, уюштуруучуларды жана буйрук бергендерди жоопкерчиликке тартууга чакырды.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Тажикстан: ММКнын башкы көйгөйү - расмий маалымат алуу
Тажикстан өкмөтүнүн “Ховар” маалымат агенттигине расмий маалымат алууда артыкчылык берүү...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:56