Донорлор өлкөнү таза суу менен камсыздоо үчүн 36 млн доллар бөлөт
Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы “Айылдарды таза суу менен жабдуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” долбоорун кошумча каржылоо үчүн 36 млн доллар бөлөт. Жогорку Кеӊештин бюджет жана финансы боюнча комитети ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.
Долбоордун жалпы наркы – 43 млн 200 миӊ доллар. Анын ичинен 11 млн 900 миӊ доллары гранттык каражат, ал эми 14 млн 500 миӊ доллар жеӊилдетилген насыя болуп саналат. Насыя 38 жылдык мөөнөткө 0,75 пайыздуу үстөгү менен берилүүдө. Каражат Чүй, Ысык-Көл, Ош облустарынын 53 айылын таза суу менен камсыз кылууга жумшалат.
Буга чейин акыйкатчы Кубат Оторбаев “Жарандардын таза суу жана санитарияга жетүү укугу” деген баяндамасын жарыялаган. Ага ылайык, өлкөдө бир миллионго жакын киши таза суудан өксүп келет.
Учурда калктын 40% сууну арык, канал, булак, дарыядан алып ичет. Аймактарда мунун айынан жугуштуу ичеги-карын оорулары көбөйүүдө.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13