ЖАЛАЛ-АБАД: МЕДИЦИНАЛЫК МЕКЕМЕЛЕРДИН ИМАРАТТАРЫ ЖАҢЫЛАНУУГА МУКТАЖ (ФОТО)
Жалал-Абаддагы мамлекеттик медициналык тейлөө мекемелеринин имараттарынын абалы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин шаардык бөлүмү тарабынан текшерилип, алардын авариялык абалда экени аныкталган. Бул тууралуу мэриянын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гулина Базаркулова билдирди.
Бирок ага карабай эле ал жайларды калкты медициналык жактан тейлөө иши жүрүп келет. Мындай абал шаар мэриясы тарабынан ушу тапта жүрүп жаткан рейдде ачык болду. Бөлүм башчынын айтымында, рейд учурунда медициналык мекемелердин имараттарынын абалы, ал жерде түзүлгөн жалпы шарттар, санитардык абал, тейлөөнүн сапаты, жалпы эле ишмердүүлүгү текшерилип жатат. Текшерүү ишине шаардагы экотехинспекциянын, санитардык-эпидемиологиялык борборунун жана шаардык өзгөчө кырдаадар бөлүмүнүн адистери катышууда.
Айрым имараттардын абалы авариялык абалда экени текшерүү учурунда да даана көрүндү. Мисалы, шаардагы №1 Кеңеш берүү жана дартты аныктоо бөлүмүнүн имараты 1928-жылы курулуп, анда шаар тургундарын гана эмес, областтын башка да район-шаарларынан кайрылып келген бейтаптар да тейленет. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү имарат авариялык абалда деген чечим чыгарды.
- Мындан тышкары рейд учурунда, оорулууларды тейлөө, имараттагы түзүлгөн шарттар, калкка түшүндүрмө маалыматтардын илинүүсү да каралууда. Анткени элдин баары эле даарылануудагы жеңилдиктер тууралуу биле беришипейт. Текшерүүдөгү негизги максат бул тармактагы жаралган көйгөйлөрдү аныктоо менен калктын сапаттуу медициналык жардамдарын алуусуна шарт түзүү болуп саналат, - дейт Г. Базаркулова.
Ал эми областтык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчисинин орун басары Катча Пратованын айтымында, шаарда жайгашкан айрым медициналык тейлөө жайларындагы имараттар маселесинде көйгөйлөр бар. Азыр областтык үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору көйгөйлөрдү чечүү жолдорун кароодо. Алсак, ошол эле №1 Кеңеш берүү жана дартты аныктоо бөлүмүнүн имратын жаңылоо боюнча бийликтерге кайрылышкан.
- Андан тышкары, шаардагы эскилиги жеткен тез жардам кызматынын имаратын жаңылоо боюча чет элдик уюмдарга долбоор жазылып, азыр аталган жайдын имаратын жаңылоо иштери башталды, - дейт К.Пратова.
Эскерте кетсек, шаар аймагында 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу бар, аларда жалпы 300 медицина кызматкерлери эмгектенет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды
Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...
ДЕН СООЛУК 2016-09-20 08:36
Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт
Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...
ДЕН СООЛУК 2016-05-04 16:35
Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...
Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...
ДЕН СООЛУК 2016-05-13 05:53
Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда
Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:06
Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды
Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:24
Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан
Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 02:22
Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда Улуттук онкология...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 03:38