ЖАЛАЛ-АБАД: БАҢГИЗАТ КЫЛМЫШТАРЫ КӨП БОЛУУДА
Жалал-Абад шаардык соттун төрайымы Эльмира Сулайманованын берген маалыматына караганда, шаардык сотто 2017-жылы мурдагы жылдарга салыштырмалуу кылмыш иштерин кароонун саны азайган. Ошол эле кезде баңгизаттарга байланыштуу кылмыш иштерин кароо саны көбөйгөн. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
- Азыркы тапта негизинен шаарда баңгизат боюнча кылмыштар көп катталып жатат. Мисалга, 2008-2009-жылдары уурулук боюнча кылмыш иштери көбөйгөн болсо, азыр уурулука караганда баңгизатка аралашкан кылмыштардын саны жогорулоодо. Мисалга алсак, мурда кол телефон, акча уурдоо көп каралган болсо, соңку жылдары наркотикалык иштер көп каралды. Баңгизаттар боюнча 246 иш каралса, алардын көпчүлүгү өзү колдонуу үчүн же башка максатта колдонгон баңгизат боюнча. Негизинен мындай иштер орто жаштагы эркектер арасында көп кездешүүдө, - дейт ал.
Алынган маалыматка караганда, 2015-2016-жылдарга салыштырмалуу 2017-жылы шаардык сотто 207 иш аз каралган. 2016-жылы 4053 иш каралса, 2017-жылы 3846 иши каралып, анын ичинен 324ү кылмыш иштери эсептелет. Каралган жарандык иштердин саны 1405, административдик укук бузуу иштеринин саны 801 болду. Үч кызматтык иш, андан сырткары, мүлк жана жеке менчик боюнча 862 иш, мүлккө болгон укуктар боюнча 862 иш, ал эми алимент боюнча 209 иш каралды. Алименттер боюнча бардык доолор канааттандырылган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









