KELECHEK
rek

Британ скульпторун Ислам Каримовдун эстелигин жасоодон баш тартууга үндөштү

Британ скульпторун Ислам Каримовдун эстелигин жасоодон баш тартууга үндөштү

Белгилүү британиялык скульптор Пол Дэй өз эмгегинин жанында

Өзбек саясий эмигранттары британиялык скульптор Пол Дэйге ачык кат жазышып, аны Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун эстелигин жасоодон баш тартууга чакырышты.

Каттын авторлору эгер Дэй бул чакырыкка көнбөсө, анын буга чейин алган эл аралык сыйлыктары тууралуу маселени козгой тургандыктарын билдиришти.

«Эгер Пол Дэй мурдагы өзбек диктаторуна эстелик жасаса, анда Каримов курмандыктарынын каны анын чыгармачылыгын биротоло булгайт» деген аталыштагы ачык кат Open Democracy жана «Борбор Азиядагы адам укуктары» ассоциациясы сайттарына жарыяланды.

Ислам Каримовду 2005-жылы Анжиянда элди атууга, пахта талааларында жарандардын, анын ичинде жашы жете элек балдардын арзан эмгегин пайдаланууга, саясий каршылаштарын камакка алууга жана кыйноого айыптаган каттын авторлору Пол Дэйге бериле турган акчаны «булганган акча» деп аташкан.

Өткөн жылы майда Ислам Каримовдун кичүү кызы Лола Каримова-Тилляева атасынын Москванын борбордук скверине орнотула турган эстелигин британиялык скульптор Пол Дэй жасай тургандыгын билдирген. Айкел Ислам Каримовдун ысымы берилген Москвадагы гүлбакчага 2019-жылдын соңуна чейин орнотулушу керек. Бирок Москванын Якиманка районунун депутаттары эстеликтин шаардын борборуна тургузулушуна каршы болушууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...