KELECHEK
rek

Украина Саакашвилиге качкын макамын берген жок

Украина Саакашвилиге качкын макамын берген жок

Киевдин соту мурдагы грузин президенти, Украинадагы "Жаңы күчтөр кыймылынын" лидери Михаил Саакашвилинин саясий башпаанек берүү тууралуу өтүнүчүн четке какты.

Анын адвокаттарынын айтымында, эми Саакашвилини Грузияга экстрадициялоого жол ачылышы мүмкүн. Алар Киев сотунун дүйшөмбүдөгү өкүмүн жокко чыгаруу талабы менен Конституциялык сотко арызданышарын билдиришти.

Былтыр июль айында Украинанын президенти Петро Порошенко Саакашвилини украин жарандыгынан ажыраткан. "Буга Одесса облусунун мурдагы губернаторунун 2015-жылы жарандык алыш үчүн жалган маалыматтарды көрсөткөнү себеп болду" деп кабарланган. Сентябрь айында Саакашвили Украинанын Миграция кызматына кайрылып, качкын макамын берүүнү өтүнгөн.

Январь айынын башында Тбилисинин соту Саакашвилиге биринчи жолу өкүм чыгарып, аны 12 жыл мурда грузин банкиринин өлүмүнө байланыштуу үч жылга сыртынан абакка кескен. Саакашвили Украина менен Грузиянын бийлиги аны куугунтуктап жатканын айтып жүрөт.

Саакашвилинин баш коргоо чарасынын мөөнөтү аяктады

6-февралга оогон түнү Грузиянын мурдагы президенти жана «Жаңы күчтөр кыймылынын» лидери Михаил Саакашвилинин түнкү үй камагы менен Киевден чыкпоо боюнча баш коргоо чарасынын мөөнөтү аяктады.

Буга чейин айыптоо тарап Саакашвилинин ишкер Сергей Курченкодон акча алгандыгы боюнча ишке байланыштуу ага күнү-түнү үй камагына алуу баш коргоо чарасын белгилөөнү жана электрондук билерик тагууну өтүнгөн.

Адвокат Руслан Чорнолуцкий саясатчынын баш коргоо чарасынын мөөнөтү аяктагандан кийин ага карата эч кандай чектөө жок экенин, болгону чакыруу боюнча шектүү катары тергөө иш-чараларына катышууга милдеттүү болорун билдирди.

Анын айтымында, бийликтин Саакашвилинин баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартпоо чечими — аны Украинадан мажбурлап чыгарууга же Грузияга экстрадициялоого болгон даярдык болушу мүмкүн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53