KELECHEK
rek

Аксы районунда суу агып өтүүчү тунели менен Ак-Терек каналы курулууда (ФОТО)

Аксы районунда суу агып өтүүчү тунели менен Ак-Терек каналы курулууда (ФОТО)

Аксы районунун Кашка-Суу айыл аймагында суу агып өтүүчү тунели менен Ак-Терек каналынын курулушу кызуу жүргүзүлүп жатат. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Каналдын курулуш иштерин Кара-Көл шаарында жайгашкан “Кыргыз суу кесип курулуш” ААКсынын куруучулары жүргүзүп жатышат. Курулуш ишин жүргүзүүгө  КР айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу суу чарба жана мелиорация департаментинин долбооруна ылайык республикалык бюджеттен 800 млн. сом каралган. Учурда узундугу 223 метр келген суу агып өтүүчү тунелди казуу иштери ыкчамдатылган негизде жүргүзүлүп жатат. Ак-Терек каналынын жалпы узундугу 7,5 км түзөт.

- Азыркы мезгилде Ак-Терек каналынын суу агып өтүүчү тунелин казуу иштери кызуу жүргүзүлүп жатат. Суу агып өтүүчү канал тунелдин бийиктиги 3 метр, туурасы 2,5 метр болуп курулуп жатат. Жумуш иштерине 50 адам тартылган болсо алар 15 күндүк мөөнөт менен алмашып иштеп жатышат. Тунелди казууда 2 бургулап тешүүчү станок, 2 бетон насосу, 2    жүктөгүч (погрузчик) жана 8 даана ири жүк ташуучу КАМАЗ автоунаалары иштеп жатат. Жумушчулардын өндүрүмдүү иштөөлөрү   үчүн бардык ыңгайлуу шарттар жаратылган жана алар 3 маал ысык тамак, жылуу кийимдер менен толук камсыз болушкан. Азыркы мезгилге чейин Ак-Терек каналын курууда 135 млн. сомдук жумуштар аткарылды,- дейт “Кыргыз суу кесип курулуш” ААКсынын директору Жапар Камалбаев.

- Узундугу жалпысынан 7,5 км. түзгөн Ак-Терек каналы бүтүп калса биринчи кезекте Аксы районунун Кашка-Суу айыл аймагынын жана Кербен шаарындагы 1000 га. айыл чарба багытындагы жерлер сугат суусу менен толук камсыз болот. Мындан сырткары Кашка-Суу айыл аймагынын жана Кербен шаарынын тургундарынын өздүк чарбагындагы эгиндери дагы сугат суусу менен жетиштүү камсыз болуп калат. Ал эми анын экинчи этабында Ак-Терек каналы Кербен-Кызыл-Алма-Иринжит каналына кошулуп, Сары-Жайык участкасындагы 3 миң га. кайракы жерлер толугу менен сугат аянттарына айланат. Бул биздин келечектеги максатыбыз,- деди Аксы районунун акими Масалбек Мырзамамытов.

Жаңы курулуп жаткан Ак-Терек каналынын курулуш иштери менен жеринде ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков болуп, жүргүзүлүп жаткан курулуш иштери менен кеңири таанышып чыкты. Курулуш иштери кызуу жүргүзүлүп жаткан Ак-Терек каналынан элдин күткөн үмүттөрү менен ишенимдери абдан чоң.

Ошол эле учурда бул каналдын курулуш долбооруна ишенбеген атуулдар дагы жок эмес. Аксы районунун экс-акими, райондук ардагерлер кеңешинин мүчөсү Кеңешбек Ибраимовдун пикиринде, курулушу 20 жылга чукулдап калган каналдын курулушунун долбоору чийки иштелип калган жана андан күтүлгөн натыйжа болбойт деген өзүнүн жеке оюн ачык билдирди. Ал эми республикалык суу чарба жана мелиорация департаментинин адистери келечекте Ак-Терек каналы райондун экономикасын көтөрүүдө чоң роль ойнойт деп бекем ишенишет.

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41