KELECHEK
rek

Али Феруздун Орусиядан чыгып кетишине уруксат берилди

Али Феруздун Орусиядан чыгып кетишине уруксат берилди

2-февралда Москва шаардык соту «Новая газетанын» журналисти Али Ферузду депортациялоо тууралуу Басман райондук сотунун чечимин жокко чыгарып, анын өзү каалаган өлкөсүнө чыгып кетүүсүнө уруксат берди.

Ферузда Кызыл чырым уюму тарабынан берилген жол жүрүү документи, ошондой эле немис визасы жана Германияга учууга билети бар. Буга чейин бул өлкө журналистке башпаанек берүүгө даяр экенин билдирген.

Адвокат Даниил Хаймовичтин айтымында, Феруз арыз жазгандан кийин үчүнчү өлкөгө чыгып кете алат. Сотто журналист мындан ары Орусияда башкалка же качкын макамын алууга аракет кылбай тургандыгын айтты.

Али Феруз деген лакап ат менен таанымал Худоберди Нурматов Алтайда төрөлүп, мектепти ошол жакта аяктаган. Бирок кийин Өзбекстандын жарандыгын алып, анда жарандык активист катары коомдук иштер менен алектенген. Ал сегиз жыл мурда өз мекенинен чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Ташкентте журналистке "террорчул уюмдар менен кызматташкан" деген айып коюлган.

Өзбек бийлиги бир канча жылдан бери Феруздун Өзбекстанга депортацияланышына аракет кылып келет. Журналист Орусияда качкын макамын алууга документтерин 2014-жылы тапшырган, бирок ага баш тартып коюшкан.

Феруз миграциялык мыйзамдарды бузган деген кине менен былтыр мартта Москвада кармалган. 1-августта экинчи жолу кармалганда аны тез арада Өзбекстанга депортациялоо чечими кабыл алынган.

Журналисттин адвокатынын айтымында, анда ал «Өзбекстанга баргандан көрө өлүп калганы жакшы экенин айтып», өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган.

Ферузду Орусиянын журналисттер бирлиги, «Чек арасыз кабарчылар» жана Amnesty International эл аралык укук коргоо уюмдары коргоп чыгышкан. Орусиянын Адам укуктары боюнча кеңеши дагы Ферузду депортациялоо Конституциянын талаптарына жана Адам укуктарын коргоо боюнча Европа конвенциясына каршы келерин билдирген.Страсбургдагы Адам укуктары боюнча Европа соту доо арыздар боюнча соттун чечими чыкканга чейин журналистти Өзбекстанга депортациялоого тыюу салган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53