Мирзиёев жети өлкөнүн жарандары үчүн виза режимин жойду
10-февралдан тарта Израилдин, Индонезиянын, Түштүк Кореянын, Малайзиянын, Сингапурдун, Түркиянын жана Жапониянын жарандары Өзбекстанда 30 күн визасыз жүрө алышат. Тиешелүү жарлыкка өлкө президенти Шавкат Мирзиёев кол койду.
Муну менен жарандары Өзбекстанга визасыз кире ала турган өлкөлөрдүн саны 16га жетти. Учурда визасыз режим менен (60 күнгө чейин) Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Грузиянын, Казакстандын, Молдованын, Орусиянын, Украинанын жана Кыргызстандын жарандары пайдаланышат. Ошондой эле Өзбекстандын жарандары дагы бул өлкөлөргө визасыз бара алышат.
Президенттин жарлыгына ылайык, 10-февралдан тарта 39 өлкөнүн жарандарына туристтик визаларды берүүнүн тартиптери дагы жөнөкөйлөштүрүлөт. Анда ТИМге туристтик ваучерди же Өзбекстанга чакырган жеке жана юридикалык тараптын кайрылуусун берүү тартиби жоюлат. Андан тышкары виза даярдоо мөөнөтү документтер кабыл алынган күндү эсептебегенде эки иш күнүнө чейин кыскартылат. Муну менен жөнөкөйлөтүлгөн виза тартиби менен пайдаланган өлкөлөрдүн саны 15тен 51ге чейин көбөйөт.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









