KELECHEK
rek

Ислам Каримовдун кыздары менен неберелери анын мааракесине катышкан жок

Ислам Каримовдун кыздары менен неберелери анын мааракесине катышкан жок

Өзбекстанда биринчи президент Ислам Каримовдун 80 жылдык мааракеси кеңири белгиленди. Бирок туңгуч президенттин кыздары менен неберелери ал иш-чараларга катышышкан жок.

30-январда Самаркандда Ислам Каримовдун мемориалдык комплекси, Карши шаарында эстелиги ачылды.

Жергиликтүү ММКлардын кабарлашынча, маркум президенттин 80 жылдык мааракесине арналган иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында өттү.

Мааракелик иш-чараларга Ислам Каримовдун жубайы Татьяна Каримова катышып, бирок анын кыздары менен неберелери келишкен жок.

Ислам Каримовдун АКШда жашап жаткан кичүү кызы Лола Каримова-Тилляева Фейсбук баракчасына «бир катар себептерден улам» Өзбекстанга бара албай калганын жазды.

«Бир катар себептерден улам бүгүн биз Самаркандда эмеспиз. Бирок сиз өзүңүздүн туулуп-өскөн сүйүктүү шаарыңызда өз элиңизди, балдарыңызды, жалпы эле сизди чындап жакшы көргөн жана учурда дагы жакшы көргөн адамдарды күтүп жатканыңызды билебиз», – деп жазды Лола Каримова-Тилляева.

Өзбекстандын маркум президентинин улуу кызы Гүлнара Каримова учурда камакта. Өткөн жылы ага карата дагы бир нече жаңы айыптар тагылган. Каримованын 25 жаштагы уулу Ислам Каримов таятасынын 80 жылдык мааракесинин алдында Улуу Британиядан саясий башпаанек сураган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13