KELECHEK
rek

Стокгольмдогу терактка шектелген өзбек жараны өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн

Стокгольмдогу терактка шектелген өзбек жараны өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн

Рахмат Акилов

Прокурор Ханс Ирман Өзбекстандын жараны Рахмат Акиловго айып тагылганын жана анын өмүр бою эркинен ажыратылышын талап кыла турганын билдирди.

«Менин милдетим – ал эч качан биздин көчөлөрдө эркин сейилдеп жүрө албагыдай кылуу», – деди прокурор.

Акиловдун башкаруусундагы жүк унаасы 2017-жылы 7-апрелде катуу ылдамдыкта Стокгольмдун жөө кишилерге арналган Дроттнинггатан көчөсүндөгү адамдарды тепселеп, андан соң дүкөндү сүзүп токтогон. Жыйынтыгында беш киши каза таап, 15и жаракат алган. Полиция унаанын ичинде бомба болгонун билдирген.

Ошол эле күнү шектүү катары 39 жаштагы Акилов кармалган. Ал Швецияга 2014-жылы барып, курулушта иштеп жүргөн. Бир канча убакыттан кийин швед бийлигинен саясий башпаанек сураган, бирок анын өтүнүчүн канааттандырылган эмес. Швеция бийлигинде аны мекенине депортациялоо буйругу болгон.

Сурак маалында Акилов күнөөсүн дароо мойнуна алып, “өз максатына жеткенин, жасаганына маашырланып турганын” айткан.

Акиловдун иши боюнча соттук териштирүүлөр февралда башталат. Учурда өзбек жаранына карата Швецияда 155 доо арыз берилген. Алардын бешөөсүн терактта курман болгондордун туугандары, дагы 15ин жабырлануучулар жазган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...