ЖАЛАЛ-АБАД: БЮДЖЕТ ЖЫЛ БАШЫНДА ЭЛЕ БЕКИТИЛЕТ
Өткөн 2017-жылы шаардык кеңешке шайланган партиялык фракциялардын ортосундагы пикир келишпестиктин айынан шаар бюджети жыл аягында бекитилген эле. Ал эми быйылкы жылы шаардын бюджети кечиктирилбей, жакын арада шаардык кеңештин сессиясында каралып, бекитилмечи.
Азыркы учурда шаардык кеңештин бюджеттик комиссиясы шаар мэриясы тарабынан сунуш кылынган жылдык бюджеттин долбоорун өзүнүн жыйынында карап жатат. Бул тууралуу депутаттардын шаардык кеңешинен билдиришти.
Өткөн жылы шаар бюджетинин өз убагында бекитилбей калышынан улам шаар инфраструктурасын жакшыртуу иштеринин көлөмү ойдогудай болгон эмес. Бирок, шаар мэриясы республикалык бюджеттин каражаттарын тартуу менен шаардагы 6 көчөдө оңдоо-түзөө иштери жүргөн. Бир катар көчөлөрдүн оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлүп, айрымдарын бүткөрүү быйылкы жылга калды.
Эми быйылкы жылы өткөн жылы бүтпөй калган иштердин эсебинен аткарылуучу инфраструктуралы курулуш иштеринин көлөмү кыйла көп болору болжолдонууда. Эгер жылдык бюджеттин долбоорунун киреше бөлүгүнүн көлөмү шаар мэриясы тарабынан 338 миллион 482 миң сом өлчөмүндө сунуш кылынып жатса, анын чыгаша бөлүгү да ошончого барабар. Бюджеттин кыйла бөлүгү шаарды жакшыртуу иштерине жумшалмакчы.
Ал эми өткөн жылы шаар бюджетинин киреше бөлүгү 305 миллион сом өлчөмүндө бекитилсе, жыл аягына чейин 317 миллион сом өлчөмүндө аткарылган. Акыркы кездерде шаар бюджетинин көлөмү жыл сайын салык базасынын кеңейип жатышына байланыштуу 15-16 миллион сомго өсүүдө.
Эскерте кетсек, шаардык кеңештин депутаттары менен шаардын аткаруу бийлиги мындан ары шаардын турпатын бүтүндөй өзгөртүү, жакшыртуу боюнча инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу максатында чогуу аракеттерди жасап жатышат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38