KELECHEK
rek

ЖЭБде түзүлгөн кырдаал боюнча кылмыш иши козголду

ЖЭБде түзүлгөн кырдаал боюнча кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырдаалга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгүнүн ("Шалаакылык") негизинде кылмыш ишин козгоду.

Башкы көзөмөл органынын маалымат кызматы билдиргендей, буга Бишкекти жылуулук менен камсыздоодогу маселе тууралуу чогултулган материалдардын жыйынтыгы боюнча премьер-министрдин кайрылуусу негиз болду.

Маалыматка караганда, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жана башка тиешелүү мамлекеттик мекемелердин, мындан тышкары "Улуттук энерго холдинг", "Электр станциялары", "Бишкек Жылуулук тармактары" ишканаларынын кызмат адамдары өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдануу тууралуу пландуу тапшырмаларын жетиштүү аткарбагандыктан жылуулук борборунда жабдуу иштен чыгып, өз убагында калыбына келтирилген эмес. Ошол эле учурда Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө жабдуунун эмне себептен иштен чыкканы аныктала электиги айтылат.

Түзүлгөн абалдан улам Бишкектин көпчүлүк бөлүгү, Туңгуч, Аламүдүн, Көк-Жар, Восток-5, 3-4-5-6-7-8-9-10-11-12, Асанбай, Улан, Түштүк-2 кичи райондору, мындан тышкары №3 балдар ооруканасы, №1 балдардын кургак учук бейтапканасы, №4 төрөт үйү жана башка социалдык мекемелер жылуулуксуз калганы белгиленген.

Вечером 26 января на ТЭЦ Бишкека произошла авария, из-за чего горожане остались без тепла. С того дня в отдельных районах столицы нет ни отопления, ни горячей воды.

Летом 2017 года была завершена модернизация ТЭЦ столицы, начавшаяся в 2014 году. Расходы на строительство двух новых энергоблоков составили 386 млн долларов.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...