KELECHEK
rek

ЖАЛАЛ-АБАД: КЫЛМЫШ ЖАСАГАН БАЛДАРДЫН КӨБҮ СЫРТТАН КЕЛИШКЕН

ЖАЛАЛ-АБАД: КЫЛМЫШ ЖАСАГАН БАЛДАРДЫН КӨБҮ СЫРТТАН КЕЛИШКЕН

Өткөн жылы Жалал-Абад шаарындагы балдардын катышуусу менен жасалган кылмыш фактылары көп каталса, алардын көбүн башка район-шаардан келишкен өспүрүмдөр жасашкан. Алардын эсебинен шаарда өспүрүмдөр кылмыштуулугунун саны өсүп жатат. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Мисалы, өткөн жыл ичинде шаарда өспүрүмдөргө карата 26 кылмыш иши козголгон, алардан 19у Сузак, бирөө Базар-Коргон районунун, ал эми алтоо шаардын өспүрүмдөрү болушкан. Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан жыл ичинде укук тартибин бузган 130 бала тизмеге алынган. Азыркы учурда алардан 18 жашка чыккан жана жүрүм-турумунда жакшы өзгөрүүлөр байкалган балдар ал тизмеден чыгарылган. Катталган балдардын арасынан 25и мектеп окуучулары эсепелет. Жалпы катталган өспүрүмдөрдөн учурда 44 бала тизмеде калып, 86 бала тизмеден чыгарылган.

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн кызматкери Аида Сеиткулованын айтымында, сырттан келип, шаарда укук тартибин бузгандардын эсебинен шаардагы өспүрүмдөр статистикасы өсүп кетүүдө.

- 2016-жылы өспүрүмдөрдүн катышуусунда 16 кылмыш иши катталган. Алардан кылмышка катышкан 7 өспүрүм мектеп окуучулары болгон. Демек, 2016-жылга салыштырмалуу 2017-жылы жашы жете электердин катышуусундагы кылмыштар 10го көбөйгөн. Анткен менен бул катталган кылмыштардын көбүн областтын башка район-шаарланан келген өспүрүмдөр жасаган. Кылмыш иши шаарда катталгандыктан, алардын саны өткөн жылга салыштырмалуу көп болууда, - дейт ал.

Эскерте кетсек, 2017-жылы жалпы кылмыш иши менен катталган жашы жете электерге сот тарабынан чечимдер чыгарылып, 6 өспүрүм бир жыл сыноо мөөнөтү менен үй камагына алынган болсо, ал эми 3 балага соттун чечими менен эки жылга шарттуу сыноо мөөнөтү менен үй камагына чыгарылган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...