Путин Вашингтондун "Кремль баяндамасын" сындады
Орусиянын президенти АКШ жарыялаган баяндаманы “достукка жатпаган жана АКШ-Орусия алакаларын татаалдаштырып, жалпы эле эл аралык мамилени буза турган кадам” катары баалады.
Бул тууралуу Путин ишенимдүү өкүлдөрү менен жолугушуу маалында билдирди. Орусия лидери АКШнын “Кремль тизмесин” көрбөгөнүн, бирок өзүнүн ысымы ал жакта жок болгону үчүн “көңүлү ооруп” жатканын айтты.
Ошол эле маалда Москва буга каршы жооп берүүгө азырынча ашыкпай турганын билдирди.
"Биз кандайдыр бир кадамдарга барууга ашыкпайбыз, бирок окуянын өнүгүшүнө тыкыр көз салып турабыз", – деди ал.
Путин Орусияны Иран жана Түндүк Корея менен бир катарга коюп, ошол эле маалда Корей жарым аралындагы курч кырдаалды жөнгө салуу үчүн Москваны ортомчу болууга чакыруу – “келесоолук” экенин билдирди.
Орусия лидери азыр деле Кошмо Штаттар менен мамилени жакшыртууга кызыктар экенин баса белгиледи.
Шейшембиде Кошмо Штаттарда “Кремль баяндамасы” деген документ жарыяланды. “Кремль тизмеси” жана “олигархтар тизмеси” деп аталган баяндамада президент Путиндин жакын чөйрөсүндөгү 114 адамдын жана 96 олигархтын аттары аталган. АКШнын Каржы министрлиги түзгөн "кара тизмедегилерге" каршы Вашингтон мындан ары санкция киргизиши мүмкүн.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









