Жалал-Абад облусунда жыл жыйынтыгын чыгарган коллегия өттү (ФОТО)
Кечээ, 30-январда Жалал-Абад облусунун 2017-жылдын жыйынтыгын чыгарган жана быйылкы жылга карата милдеттерди белгилеген коллегия олтурумунун жыйыны болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.
Жыйындын ишине КР вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары – акимдер, шаарлардын мэрлери, облустук тармактардын жетекчилери, коллегия мүчөлөрү катышты. Коллегияны ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев алып барды.
Жыйында 2017-жылдагы облустун социалдык-экономикалык багытында аткарылган иштер жана 2018-жылга коюлган милдеттер туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов баяндама жасады.
Баяндамада айтылып кеткендей, өткөн жылы өнөр жайында жалпы суммасы 24 млрд. 482,3 млн сомдук продукция өндүрүлүп, 2016-жылга салыштырмалуу физикалык көлөмүнүн индексинин өсүү темпи 144,1 пайызды түздү. Айыл чарба, аңчылык жана токой чарбасынын өндүргөн продукциясынын көлөмү 39 млрд. 752,6 млн сомду түзүп, 2016-жылга салыштырмалуу өсүү темпи 102 пайызды берди. Кочкор-Ата шаарындагы “Кыргызнефтегаз” ААКсынын жумушчулары 159 миң тонна нефти өндүргөн. Ал эми көмүр өндүрүүнүн көлөмү 130,3 миң тоннаны түзгөн.
Республикалык салыктын план-тапшырмасы 2 млрд. 392,2 млн. сомду түзүп, план-тапшырма 101,8 пайызга, ал эми жергиликтүү бюджет 1 млрд. 285,7 млн сомго аткарылып, план-тапшырма 104,8 пайызга ашыра аткарылган. Жалпы бюджет 3 млрд. 920,3 млн сомго аткарылган. Анын ичинен 3 млрд. 677,9 млн сом салык төлөмдөрү жана 242,4 млн. сом бажы төлөмдөрүнөн түшкөн.
Ошону менен бирге коллегиянын жыйынында 2017-жылы Жалал-Абад облусунда бир жакшка чейинки 437 ымыркайдын жана 12 эненин өлүмү катталган, өспүрүмдөр арасында 16 өзүн-өзү өлтүрүү (суицид) катталган. Ошондой эле облус боюнча орто мектептерге 166 мугалим жана ооруканалар менен үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна 184 дарыгерлер жетишпейт.
- Пайдаланылбай калган айдоо аянттарын 2018-жылы 1,5 миң га. аянтка азайтуу милдети турат. Мугалимдердин жетишпестигин жойбосок билим берүүнүн сапаты төмөндөй берет. КРнын Өкмөт башчысы Сапар Исаков жолдорду кеңейтүү, тротуарларды куруу жана түнкү жарыктарды талаптагыдай коюу иштери боюнча милдеттерди койду. Бул маселеде акимдер менен шаарлардын мэрлери жана айыл аймактарынын башчылары жергиликтүү айылдык жана шаардык кеңештердин кошмо жыйындарынын төрагалары менен тыгыз иш алып барууңуздар керек,- деди ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан “Жаңы доорго кырк кадам” программасы кабыл алынды. Мунун ичинде Таза суу, Таза коом жана Ирригация маселеси менен “Ала-Тоо булагы” долбоорлору приоритеттүү болуп саналат. Жалал-Абад облусунун аймагында Балыкчы – Жалал-Абад альтернативалуу автомагистралы ийгиликтүү курулуп жатат. Базар-Коргон районунун Кара-Үңкүр дарыясына 3 млрд. сом сарпталуу менен суу сактагыч жана Сузак районунун Көк-Арт дарыясына дагы ири суу сактагычтын курулушу мерчемделип жатат,- деди вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев.
Коллегиянын жыйынынын жүрүшүндө анын катышуучулары тарабынан облус жетекчилерине жана КР вице-премьер-министри Дайыр Кенекеевге бир катар суроолор берилип, аларга канааттандырарлык жооптор алынды.
Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13