Сапар Исаков ЖЭБдеги абал үчүн шаардыктардан кечирим сурады
Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборунда түзүлгөн кырдаал боюнча шаар тургундарына кайрылып, кечирим сурады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
«Учурдагы кырдаалга байланыштуу Бишкек шаарындагы абалдын оордугун жана ушул күндөрү шаар тургундары башынан өткөрүп жаткан кыйынчылыктарды жакшы түшүнүп турам. Өкмөт башчысы катары түзүлгөн кырдаал үчүн баарыңыздардан кечирим сурайм жана актангым келбейт. Абал катуу иликтөөгө алынат. Бардык күнөөлүү кызматкерлер ээлеген кызматына карабастан жазаланат», - деп айтылат өкмөт башчынын кайрылуусунда.
Мындан сырткары шаардыктар үйлөрдү жылытууга электр энергиясын өтө көп керектеп жатканы, Бишкек ЖЭБиндеги кырсыктын себептерин укук коргоо органдары иликтей турганы белгиленген. Ошондой эле түзүлгөн кырдаалдан улам өкмөт бул тармакка мындан ары артыкчылык берип, катуу көңүл бурары, реформалоо үчүн бардык аракеттер жумшалары айтылган.
Ал арада президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Сапар Исаков менен ЖЭБдеги абалды талкуулап, жылуулук берүүнүн үзгүлтүккө учурашынын себептерин аныктоо боюнча «кылдат иликтөө» жүргүзүү керектигин айтты. Президент ошондой эле катуу суук күндөрү көрсөткөн чыдамкайлыгы үчүн шаардыктарга ыраазычылык билдирди.
26-январдын кечинде Бишкек ЖЭБинде авария болгон. Ошондон бери башкалаанын айрым райондоруна жылуулук тиешелүү деңгээлде берилбей жатат. Батирлер, социалдык объектилер муздак болгондуктан шаардыктар электр жылыткычтарын колдонууга мажбур болуп жатышат. "Түндүк электр" ишканасы буга чейин күч келгендиктен, электр жарыгы да үзгүлтүккө учурап жатканын маалымдаган.
Көптөгөн оорукана жана бейтапканаларда дарыгерлер абалы оор болбогон бейтаптарды кабыл алууну токтотушту. Бул аракетин алар иш бөлмөлөрдөгү температуранын нормадан төмөн болуп кеткендиги менен түшүндүрүшүүдө. Төрөт үйлөрү менен тез жардам станцияларына электр жылыткычтары жеткирилди.
27-январда температуралык режимди турукташтыруу үчүн ЖЭБге кошумча агрегат киргизилип, бирок анын дагы иштен чыкканы кабарланды.
Бишкек ЖЭБи 2014-2017-жылдары модернизацияланып, жаңы эки энергоблоктун курулушуна 386 миллион доллар жумшалган.
Акыркы күндөрү Бишкекте сууктун күчү түнкүсүн 25-30 градуска чейин жетти. Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, борбордо 30-январдан баштап аба ырайы акырындык менен жылый баштайт.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13