Эрдоган: Түркия Сирия менен чек арасын террорчулардан тазалайт
Түркиянын президенти Эрдоган жана анын генералдары
Түркиянын президенти Режеп Эрдоган өлкөнүн Сирия менен чек арасын толугу менен «террорчулардан» тазалай турганын билдирди. Түркиянын Сириянын түндүк-батышындагы Африн аймагындагы аскердик операциясы эки жумадан бери уланууда.
Эрдоган өзүнүн "Адилет жана өнүгүү" партиясынын съездинде сүйлөп жатып, чек ара жоочулардан толук тазалангандан кийин Түркия аймагында жүргөн сириялык качкындар өз мекенине кайтса болорун айтты.
Андан тышкары Эрдоган түрк аскерлери жана союздаш сириялык топтор аймактагы стратегиялык маанидеги дөңсөөлөрдү басып алышканын кошумчалады.
Күрт милициясы менен Адам укуктарына көз салуу боюнча Сирия борборунан кабарлашкандай, күрттөрдүн Африн анклавы менен Түркиянын көзөмөлүндөгү Азаз шаарын бөлүп турган Бурсая дөңсөөсү үчүн айыгышкан күрөш жүргөн. Күн мурун түрк аскерлери сирия оппозициясындагы союздаштары менен бирге аталган дөңсөөдөн күрт кошуундарын сүрүп чыгаргандыгын билдиришкен.
Түркия АКШ колдоп жаткан күрт кошуундары жайгашкан Африн районунда аскердик операцияларын жүргүзүүдө. Түркия бийлиги күрт кошуундарын террористтик уюм катары эсептейт.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









