ЖАМУнун БЕШ СТУДЕНТИ ОШМУдаН БИЛИМ АЛЫШАТ
Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 5 студенти академиялык мобилдүүлүк программасынын негизинде кошумча билим алуу максатында “Ош декларациясы” жана университеттер ортосундагы эки тараптуу келишимдердин алкагында Ош мамлекеттик университетине бир семестр окуп келүү үчүн жөнөтүлдү.
Ош мамлекеттик университетинде 2016-жылдын 20-21-май күндөрү Тарых жана маданият жылына арналган “Студенттер билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!” аттуу республикалык ЖОЖдор аралык студенттердин достугу үчүн фестивалы уюшулган. Фестивалдын экинчи күнү 21-майда республикабыздын жети дубанында жайгашкан Жалал-Абад мамлекеттик университети, Ош мамлекеттик университети, Ош гуманитардык-педагогикалык институту, С. Нааматов атындагы Талас мамлекеттик университети, К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, Нарын мамлекеттик университети жана Баткен мамлекеттик университетинин ректорлору университеттер аралык ички мобилддүүлүктү чыңдаган “Ош декларациясына” кол коюшкан.
Декларацияда университеттер аралык педагогикалык тажрыйба алмашуу, студенттерди алмашып билим берүү, жаш окумуштууларды башка ЖОЖдун өрнөктүү профессорлорунун сабактарына катыштыруу, профессорлорду бири-бирине алмашуу менен конференция, симпозиумдарды, онлайн-лекция, видео-конференцияларды уюштуруу сыяктуу ички академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, биргелешип эл аралык ири долбоорлорду ишке ашыруу, биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү иштери камтылган.
Жалал-Абад мамлекеттик университети да ушул багытта жигердүү иштерди жүргүзүп, окуу, илимий, маданий жана спорттук иш-чараларды уюштуруу менен башка окуу жайлардагы жүргүзүлгөн иштерге катышууда.
Белгилей кетсек, Ош мамлекеттик университетинда 2016-жылы болсо, 2017-жылы студенттер жана окуу жайдын кызматкерлери К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде болушкан. Ал эми бул жылы Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун уюштуруусу күтүлүүдө.
Ал эми академиялык мобилдүүлүк программасынын негизинде окууга жөнөп жаткан студенттерди ЖАМУнун окуу-иштери боюнча проректору Атабек Алибаев кабыл алып, академиялык мобилдүүлүк боюнча жасалып жаткан иштер жана алдыдагы максаттар менен ой бөлүшүп, билимге ынтызар прогрессивдүү студенттерге ак жол тилеп, окууларына ийгилик каалады. Алдыда дагы аталган программанын негизинде албан иштер турмушка ашырыларын кошумчалады.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти
Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05 23:34
Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...
Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02 12:13
Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт
Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04 16:32
Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07 15:23
Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты
Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:16
Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды
Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:26
Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...
Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ар бир кесип ардактуу”...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13 09:30