KELECHEK
rek

АКСЫ РАЙОНУНДА ЭЛДИК ЖЫЙЫН КУРЧ СУРООЛОР МЕНЕН ӨТТҮ (ФОТО)

АКСЫ РАЙОНУНДА ЭЛДИК ЖЫЙЫН  КУРЧ СУРООЛОР МЕНЕН ӨТТҮ (ФОТО)

24- январда  Аксы районунун “Билимкана” ордосунда  элдик жыйын болуп өттү. Бул туурасында  ыйгарым укуктуу  өкүлдүн басма сөз катчысы малымдады.

Элдик жыйындын ишин Аксы районунун акими Масалбек Мырзамамытов алып барды. Жыйындын ишине ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары  Ырысбек Ызабеков, “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКсынын башкармалыгынын төрайымы Жумагүл Эгамбердиева, “Жалалабатэлектро” ААКсынын директору Кеңешбек  Маматканов, КР Өзгөчө кырдаалдар министринин  облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары, капитан Замир Дүйшөбаев баштаган бир катар облустук тармактын жетекчилери катышты.

Аксы районунун  акими  Масалбек Мырзамамытов  2017-жылда аткарылган  иштер туурасында кыскача маалымат берди. Тактап айтканда, райондогу 78 күнөсканадан  500 тоннага жакын түшүм алынды. Учурда район боюнча 205 миң кой –эчки, 41 миң кара мал жана 12 миң жылкы бар.Өткөн жылы 8 даана жаңы  айыл чарба техникалары алынды.  Мындан сырткары 8км.252 метр жолго жаңы асфальт төшөлдү.

Элдик жыйындын катышуучулары  жаңы конуштарга  электр линияларын киргизүү, эскирген электр мамыларын алмаштыруу, таза суу маселелери боюнча көптөгөн суроолорду беришти. Райондун кадырман ардагери  Кеңеш Ибраимов “Ак-Терек” каналы туура эмес долбоор менен курулуп жатат деген пикирин билдирди. Мындан сырткары балдар бакчаларынын жетишпей жаткандыгын  жыйындын катышуучулары тынчсыздануу менен билдиришти. Райондун акими Масалбек Мырзамамытов 2018-жылы райондун аймагына 16 км. жаңы асфальт төшөлөрүн ортого салды.

Ыйгарым укуктуу өкүлдун орун басары Ырысбек Ызабеков элдин сунуштары эске алынарын жана бул көйгөйлөр 2018-2023-жылдардын аралыгында аткарылуучу иш планга киргизилерин билдирди. Бүгүн айтылган көйгөйлүү маселелер тиешелүү министрликтерге жеткирилээрин айтты. Мындан сырткары  жазгы талаа жумуштарына даярдык көрүү, ирилештирилген  айыл чарба кооперативтерин  уюштуруу  жана пайдаланылбай калган айыл чарба аянтарын кыскартуу маселесин ортого салды.

 

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41