KELECHEK
rek

Чаткал районунда жыл жыйынтыгы чыгарылды (ФОТО)

Чаткал районунда жыл жыйынтыгы чыгарылды (ФОТО)

23-январда Чаткал районунда жыл жыйынтыгын чыгарган райондук мамлекеттик администрациясынын коллегия олтурумунун жыйыны болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. 

Коллегия олтурумунун жыйынына ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков катышты.

Чаткал районунда 2017-жылы социалдык-экономикалык багытта аткарылган иштер туурасында Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Канжарбек Эшалиев кеңири баяндама жасады. Баяндамада белгиленип кеткендей, 2017-жылы эл чарба тармагынан 7 млрд.478 млн. 476 миң 600 сомдук дүң продукция өндүрүлүп, берилген план 2,7 эсеге ашыра аткарылган. Республикалык бюджет 410 млн. 946  миң сомго аткарылып, план-тапшырма 100 пайызга аткарылган. Ал эми жергиликтүү бюджет 83 млн. 434 миң сомго аткарылып, план-тапшырма 106,3 пайызга аткарылган.

Мамлекеттик бюджеттин ашыгы менен аткарылышы Чаткал районунда алтын ылгоо боюнча иш жүргүзүп жатышкан чет элдик компаниялардын эсебинен болууда. Чаткал районунда тоо кен байлыктарын иштетүүчү 101 компаниялар лицензия алышкан. Алардын ичинен учурда 7 компания гана толук кандуу иштеп жатат. Тактап айтсак, “Эки-Бакыр Терек-Сай” жоопкерчилиги чектелген коомунун кыргыз-түрк биргелешкен алтын иштеп чыгаруучу ишканасы өткөн жылы 47 млн. сомдук концентрат иштеп чыгарса, “Вертекс Голд компани” ЖЧКсынын кыргыз-кытай биргелешкен ишканасы өткөн жылы 2 млрд. сомдук концентрат иштеп чыгарган. “Кичи-Чаарат” ЖЧКсы иш жүргүзүп жаткан кытай компаниясы быйыл алтын ылгоочу фабриканы ишке киргизүү максатын белгилеген. Өткөн жылы райондун өнүктүрүү фондуна 103 млн. сом акча каражаты түшкөн.

Коллегиянын олтурум жыйынында Чаткалдагы төрөт бөлүмүнүн башкы медайым жана бир катар дарыгерлер Чаткал районунда дарыгерлердин жетишсиздигин, аларга түзүлгөн шарттардын жакшы эмес экендигин ортого салышты. Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев учурда 30 студент тоо кен тармагынди иш алып барып жаткан чет элдик компаниялардын эсебинен контрактык акчалары төлөнүп окутулуп жаткандыгын айтып кетти.

Чаткал районунун жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиянын олтурумуна катышкан ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков жумушсуздардын санын кыскартуу, Япон, Кытай жана мамлекеттик кердиттер менен ссудалардын кайтарымын жогорулатуу, пайдаланылбай калган айдоо аянттарын азайтуу жана билим сапатын жакшыртуу маселесине жетекчилердин көңүлүн бурду.

Ала-Бука-Каныш-Кыя жолуна инвесторлордун эсебинен төшөлгөн 7км. асфальт жол менен жаңы курулган көпүрөлөр КР транспорт жана жол министрлиги менен №17 ДЭПтин балансына ушул кезге чейин өткөрүлбөй келүүдө. Айгыр-Жал айылына курулган 16 млн. сомдук жаңы көпүрөнү былтыр сел алып кеткен. Чаткал районунда инвесторлордун колдоосу менен курулган спорт комплекстерин натыйжалуу иштетүү маселеси жакшы колго алынбай келүүдө.

Климаты катаал келген Чаткал району облустун борборунан 360 км. алыстыкта жайгашкан. Кыш айы 6 айга созулат. Бүгүнкү күндө Чаткал районуна 1 метрден бийик кар түшүп, түнкүсүн минус 20 градусту көрсөтүүдө. Чаткал району боюнча 27267 калк жашайт.

  Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41