Текебаевди абактан убактылуу алып чыгуу пландалды
“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ден соолугун Бишкектеги ооруканалардын бирине алып чыгып текшеришет. Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, мындай чара мекеменин иш планына киргизилди.
Сабатарованын айтымында, текшерүүнүн жыйынтыгына жараша Текебаевди дарылоо кайсы жакта: абактын ичиндеги же кадимки ооруканада жүргүзүлүшү керектиги тууралуу маселе чечилет:
- Жакынкы күндөрү кардиолог менен эндокринолог келип текшерип кетишти. Текебаев өзү мурда бул эки дарыгердин көзөмөлүндө болчу экен. Алар кошумча анализ тапшыртып, "дагы тиешелүү аппараттар менен текшертиш керек" деген бүтүм чыгарышты. Ошондуктан аны жакынкы күндөрү Саламаттык сактоо министрлигине караштуу мекемелердин бирине алып барып текшерүүдөн өткөрүп, кайра алып келүү планга киргизилди. Анализдердин жыйынтыгына жараша дарылануусун же №47 колониядан уланта берет же атайын адистер керек дешсе анда конвойдун коштоосу менен ооруканага жатып дарыланса болот. Мындай тажрыйба бар. Бирок чечим коллегиялык негизде кабыл алынат.
Былтыр 21-ноябрда Жогорку сот Текебаев менен мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотоновду сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Эки саясатчы "орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган" деген айып менен былтыр февраль айында камакка алынган. Соттолгондор муну өз оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук катары баалап жүрүшөт.
Он чакты депутат Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилигине Текебаевди кадимки ооруканага которууну өтүнүп, 11-декабрда кайрылуу жиберген. Экс-депутат менен абакта жолугуп чыккан саясатчылар Текебаевдин кан басымы көтөрүлүп, кыйналып жатканын байкаганын билдиришкен.
Былтыр октябрда Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына, Чотонов Чүйдөгү Молдовановка айылындагы №27 абакка которулган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









