Түрк армиясы Сириядагы бир нече кыштакты басып алды
Түрк аскерлерлери Сириядагы аскер операциясынын үчүнчү күнүндө түндүк-батыштагы бир нече калктуу аймактарды ээлеп алды. Анкара күрд отряддарын сүрүп чыгууну көздөөдө, деп жазууда түрк басылмалары.
Дүйшөмүдө Түркия куралдуу күчтөрү менен сириялык козголоңчу отряддар Африн аймагындагы бир нече калктуу конуштарда көзөмөл орноткон.
Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган чабуулдан баш тартпай турганын билдирүүдө. Анын айтымында, аскер амалдары Орусия менен болгон сүйлөшүүлөрдүн негизинде ишке ашууда.
Күрттөрдүн Элдик коргонуу кошууну (күрд милициясы, YPG) Күрдистан Жумуш партиясы менен союздаш – отуз жылдан бери түрк өкмөтүнө каршы күрөшүп, автономия алууга умтулуп келет.
Күрд милициясын Кошмо Штаттар колдоп, Сириядагы "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөштө ага жардам берип келсе, Түркия бул кошуунду террордук топ деп эсептейт.
14-январда болсо АКШ баштаган эл аралык коалиция күрттөр жетектеген кошуундарга 30 миң кишиден турган чек ара күчтөрүн түзүүгө жардам берээрин жарыялаган. Буга Түркия караманча-каршы экенин билдирген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









