Мирзиёев: өзбекстандыктардын Актөбөдөгү өлүмү — өлкөдө иш орундарынын жоктугун көрсөттү
Актөбө облусунда өрттөнгөн автобус. 18-январь, 2018-жыл.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Сурхандарья облусуна жасаган жумушчу сапары маалында 18-январда Казакстандын Актөбө облусундагы кырсыкта каза болгон жарандардын жакындарына көңүл айтты. Мамлекет башчынын пикиринде, бул окуя өлкөдө иш менен камсыз кылууга шарттар түзүлбөгөнүн көрсөттү.
«Бул кырсык көп нерсени, анын ичинде биздин калк алдында карызыбыздын көп экендигин көрсөтүүдө. Биз иш орундарын түзүп бербегендиктен, адамдар башка өлкөлөрдө жумуш издөөгө мажбур болушууда», – деп билдирди президент. Өлкө башчы бул окуя ошондой эле мамлекет жетекчилеринин, башка баскычтагы башчылардын өлкөдө иш орундарын түзүү тармагындагы кемчиликтерди жойбогонун көрсөткөнүн белгиледи.
Жүргүнчү ташыган автобус 18-январда Самара-Шымкент жолунун Актөбө облусунун Иргиз районундагы бөлүгүндө өрттөнгөн. Казак бийлигинин маалыматы боюнча, андагы 57 кишинин 52си каза болгон. Алардын бардыгы Өзбектандын жарандары. Казакстандын үч жана Өзбекстандын эки жараны аман калышкан.
Өзбекстан менен Казакстандын өкмөттөрү автобус кырсыгына байланыштуу комиссия түзүштү. Каза болгондордун бардыгы Наманган облусунун эркек тургундары. Алардын эң улуусу 41, кичүүсү 19 жашта.
20-январда Өзбекстан президентинин чечими менен өзбек жарандарынын сөөктөрү атайын учак менен Ташкентке жеткирилди. Ошол эле күнү өзбек эмгек мигранттары, активисттер жана башка өлкөнүн жарандары Өзбекстандын Орусиядагы элчилигинин алдына гүл коюшуп, расмий Ташкенттен 20-январды аза күтүү күнү деп жарыялоону талап кылышты. Бул тууралуу «Мекендештер» өзбек биримдигинин президенти Усманхан Баратов билдирди.
– Биздин мекендештер суукта турушту. Алар 20-январды аза күтүү күнү деп жарыялашты. Бирок элчиликке келген өзбекстандыктарга элчи дагы, дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери дагы чыгып коюшкан жок. Ал эмес элчиликтеги Өзбекстан желеги да төмөн түшүрүлгөн эмес! Демек элчи үчүн 52 кишинин өлүмү эч нерсе эмес экен да?! Уят сага элчи!, – деп билдирди Усманхан Баратов.
19-январда Казакстандын ички иштер министринин орун басары Ерлан Тургумбаев өрт автобус ичинде бензинди колдонуу менен от жагылгандан улам чыккан болушу мүмкүндүгүн билдирген.
Анын айтымында, күйүп калган денелерди идентификациялоо оор болуп жаткандыктан, Өзбекстанда бир катар геномдук экспертизалар жүргүзүлөт.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13