KELECHEK
rek

Ошто “Акылдуу шаар” долбоорунун алкагында 1500 видеокөзөмөлдөөчү камералар орнотулат(ФОТО)

Ошто “Акылдуу шаар” долбоорунун алкагында 1500 видеокөзөмөлдөөчү камералар орнотулат(ФОТО)

Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында Кытай Эл Республикасынын “Хуавей” компаниясы тарабынан “Акылдуу шаар” долбоорунун презентациясы болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, вице-мэрлер, шаардагы мекеме ишканалардын жетекчилери “Хуавей” компаниясынын жумушчу тобу катышты.

Жыйындын жүрүшүндө биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров аталган долбоордун алкагында Ош шаарында аткарыла турган жумуштар жана пландар жөнүндө айтып берди.

 -“ Таза коом” программасынын негизинде “Акылдуу шаар” долбоору ишке ашырылмакчы. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруу үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөн. Бүгүн, долбоорду ишке ашыруучу “Хуавей” компаниясынын өкүлдөрү долбоорду презентиция кылышты. 

Ош шаарындагы көчөлөрдүн кесилишине 1,5 миңге жакын видеокөзөмөлдөөчү камералар орнотулат. Ошондой эле, жер үстүнөн жана жер астынан 90 км чубалгы тартылган. Долбоорду ишке ашыруу боюнча Ош шаарынын мэриясы “Хуавей” компаниясы менен тыгыз иш алып барат. “Акылдуу шаар" долбоору биздин шаарыбыз, өлкөбүз үчүн актуалдуу жана маанилүү. Ал жол коопсуздугу тармагындагы татаал абалды жөнгө салып, жалпысынан биздин жарандардын коопсуздугун күчөтөт. Жол коопсуздугуна байланышкан коррупцияны жоюу жана кылмыштардын бетин ачууда чоң жардам берет деп ишенебиз”,-деди З.Аскаров.

“Хуавей” компаниясынын өкүлдөрүнүн айтымында компания 30 жылдан бери иштейт. Бул убакыт ичинде Европа, Африка өлкөлөрүндө жана Душанбе шаарында да бир нече долбоорлорду ишке ашырып, тажрыйба топтошкон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13