Казакстанда мунайсервис компаниясынын кызматкерлери ишин токтотту
Мангистоо облусундагы Techno Trading LTD компаниясынын ондогон жумушчулары айлык акыны жогорулатууну, чейрек сайын берилүүчү сый акыны калыбына келтирүүнү жана жамааттагы куугунтуктоолорду токтотууну талап кылып иш ташташты.
Techno Trading LTD ишканасынын электр адиси Ерлан Кенжебектин айтымында, жумушчулар 1-июндан тартып ишке чыгышпайт. Кызматкерлердин маалымдашынча, компаниянын Жетыбай менен Кызылдөбө айылдарындагы төрт цехинин иши токтотулат. Алардын ар биринде 50гө жакын кызматкер бар.
Жумушчулар айлык акыны 35 пайызга көтөрүп, сый акыны төлөп, куугунтуктоону токтотууну талап кылышууда. Ошондой эле, алар жумуштун татаал шарттары, цехтердеги радиация, жумушчу жайларынын оңдолбогондугу эске алынбай жаткандыгын билдиришти.
Компаниянын кызматкерлери былтыр эле иш берүүчүнүн иш-аракеттерине нааразычылык билдиришкен. Мындан улам алты жумушчу иштен айдалган. Кызматкерлер орундарын калыбына келтирүү үчүн арыз жазышканы менен райондук сот канааттандырган эмес.
Techno Trading LTD компаниясындагылар түзүлгөн жагдай боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53