KELECHEK
rek

Трамп: Орусия БУУнун санкцияларын бузуп, Түндүк Кореяга жардам берүүдө

Трамп: Орусия БУУнун санкцияларын бузуп, Түндүк Кореяга жардам берүүдө

Дональд Трамп

Шаршембиде АКШнын президенти Дональд Трамп Орусияны эл аралык санкцияларды бузуу менен Түндүк Кореяга керектүү нерселерди жеткирип берип жатат деп айыптады. Анын айтымында, Пхеньян АКШга чейин жете турган алыскы аралыктагы ракета түзүүгө жакындагандан жакындап баратат.

"Түндүк Корея маселесинде Орусия бизге таптакыр жардам берген жок", - деди Трамп Reuters агенттигине берген маегинде. "Кытай бизге жардам берип жаткан маалда Орусия тоскоол кылууда. Башка сөз менен айтканда, Кытай кылган нерселерди Орусия жокко чыгарып жатат" – деди Трамп.

Кытай менен Орусия БУУнун Коопсуздук кеңешинин Түндүк Кореяга карата киргизген акыркы санкцияларын колдошкон.

АКШ президенти өз маегинде Түндүк Кореяны быйыл Трамптын алдында турган глобалдык маселе деп атап, ал өлкөнүн лидери менен сүйлөшүүдөн пайда чыгарынан күмөн санап жатканын билдирди. Өткөн жылы Трамп Ким менен түз сүйлөшүүлөргө баруу ыктымалдыгын жокко чыгарган эмес.

"Мен аны менен сүйлөшөм, бирок бул маселени чечерине ишенбейм", - деген Трамп АКШнын буга чейинки президенттеринин түндүк кореялыктар менен сүйлөшүүлөрү өлкөдөгү өзөктүк жана ракеталык программаларды чектей албаганын айтты. Ал Пхеньян менен тирешти «тынчтык жол менен чечүүгө үмүттөнөрүн, бирок бул ишке ашуусу дагы, ашпашы дагы мүмкүн экенин кошумчалады.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52