Ош: Полго төшөлгөн туунун сүрөтү талашка түштү
Сулайман-Тоо музей комплексинин мурунку кызматкери Аширали Маразыков "музейдин жертөлөсүн оңдоо учурунда туу таштанды топтош үчүн жерге төшөлдү" деп, бир нече сүрөттү Интернетке илди. Ал Кыргызстандын башкы символдорунун бири тепселиши үчүн Сулайман-Тоо архитектуралык музейинин жетекчиси Абдыкайым Кангелдиевди айыптады.
Мындан тышкары ал мындай иш мыйзамга каршы келээрин айтып, музей жетекчилигин жазага тартууну талап кылды.
Ал эми Сулайман-Тоо архитектуралык музейинин жетекчиси Абдыкайым Кангелдиев полго төшөлгөн туунун окуясы ал жетекчи болуп келгенге чейин болгонун, ага жооптуу эмес экенин билдирди. Жетекчинин айтымында, туунун чыры иштен кеткен кызматкердин таарынычынан улам жаралган.
Кыргызстандын туусу 1992-жылы 3-мартта кабыл алынган. Мамлекеттик символ катары бекитилген желекти өрттөгөндөр, жырткандар жана башка туура эмес нерселерди жасагандар мыйзам жоопкерчилигине тартылат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13