Депутат социалдык тармактарды чектөө боюнча мыйзам даярдоону сунуштады
Жогорку Кеңештеги Социал-демократиялык фракциянын депутаты Улан Примов социалдык тармактарды жөнгө салган мыйзам долбоорун иштеп чыгууну сунуштады. Анын айтымында, өлкөдө көптөгөн жарандар маалыматты социалдык тармактардан жана интернет сайттардан алып жатат. Ошондуктан соцтармактарды жөнгө салуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгууну өкмөткө сунуштады.
- Социалдык тармактарда текшерилбеген, улут аралык кастыкты козгоочу маалыматтар чыгып жатат. Социалдык тармактарды жалпы маалымат каражаты катары кароо же чектөө боюнча мыйзам долбоорду сунуштоо керек, - деди Примов.
Ал эми юстиция министринин орун басары Равшан Абдуллаев интернет сайттарды жөнгө салуу тууралуу мыйзам иштелип жатканын, жакында талкууга чыгарыларын билдирди.
Жогорку Кеңеште "Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү" мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр талкууланып жатат. Анда маалымат каражаттарын каттоонун мөөнөтүн азайтуу сунушталган.
Талкуу учурунда баяндамачы, юстиция министринин орун басары Равшан Абдуллаев мыйзам долбоору тууралуу суроолорго толук жооп бере албаганын депутаттар сынга алды.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









